Хак сүрөсү

Википедия дан
  • 69-сүрө

Хаккат сүрөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Меккеде түшүрүлгөн. Элүү эки айаттан турат
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Акыйкатталуучу[2]!
  • 2. “Акыйкатталуучу”, – деген эмне?
  • 3. “Акыйкатталуучунун” эмне экенин кайдан билмексиң?
  • 4. …Самуд эли менен Аад эли Кыйаматты жалганга чыгарышкан.
  • 5. Самуд эли чектен ашканы үчүн катуу үн менен жок кылынды.
  • 6. Ал эми Аад эли болсо бороондуу шамал менен кыйратылды.
  • 7. Алла аларды үзгүлтүксүз бороонго жети түн, сегиз күн мойун сундуруп койду. Ошондо сен (алардын) көңдөй курма дарагынын сөңгөктөрү сымал сулап калышканын көрмөксүң
  • 8. Сен алардан аман калганын көрө алар бекенсиң?
  • 9. Фараон, андан мурдакылар жана кырсыкка кабылган шаарлар[3] да күнөөгө батышкан.
  • 10.Алар өздөрүнүн Эгесинин элчисине мойун сунбагандыктан Алла аларды каардуу жазага кириптер кылды.
  • 11. Суу ташкындаган кезде Биз силерди кемеде[4] көтөрүп койдук.
  • 12. Ал окуйаны эскертүү катары сактоочу кулактарга[5] угузуп, сактап койдук.
  • 13. Сурнай бир жолу чалынганда;
  • 14. жер жана тоолор көтөрүлүп туруп, бир сокку менен талкаланганда…
  • 15. ошол Күнү Кыйамат Кайым болот
  • 16. Асман жарылат. Анткени ал ошол Күнү күчсүз болот.
  • 17. Ал Күнү сегиз периште Эгеңдин Аршын өз үстүлөрүнө көтөрүп, асмандын ар тарабында периштелер (болот)
  • 18. Ошол Күнү [6]келесиңер. Силер эч кандай сырыңарды жашыра албайсыңар.
  • 19. Мына, кимдин китеби[7] оң колуна берилсе, ал: «Мына, менин китебимди окугула!», – деп айтат.
  • 20. Чындыгында мен сөзсүз эсеп-кысабыма жолугамын деп ойлогонмун»,–дейт..
  • 21. Ал ыраазы болгон жашоодо (болот)
  • 22. бийик (Бейиш) багында[8].
  • 23. жемиштери салаңдап турат.
  • 24. өткөн күндөрдө калтырган жакшылыктарыңар үчүн «жегиле, ичкиле, (тамагыңар) таттуу болсун!»
  • 25. Ал эми кимге китеби[9] сол тарабынан берилсе, ал: «Аттиң, китебим мага берилбей эле койсочу!» – дейт.
  • 26. «Мен эсеп-кысабымды[10] билбей эле койсомчу!
  • 27. Аттиң, ушул бүтүүчү болуп калсачы!
  • 28. Мага байлыгым да жардам бербеди.
  • 29. Далилим[11] да кыйроого учурады!» (–дейт)
  • 30. «Аны кармап байлагыла,
  • 31. анан Тозокко таштагыла!
  • 32. Узундугу жетимиш зираа[12] чынжыр менен таңгыла!
  • 33. Албетте, ал Улуу Аллага ишенген эмес!
  • 34. Жакырларга тамак берүүгө үндөгөн эмес![13]»
  • 35. Анын бүгүн арачалап калаар жакыны жок.
  • 36. Ириңден башка тамагы да жок.
  • 37. Аны күнөөкөрлөр гана жейт[14].
  • 38. Силер көрүп турган нерселер менен ант ичем!
  • 39. Жана силер көрбөгөн нерселер менен да[15]!
  • 40. Ал[16] – улук элчинин сөзү.
  • 41. Ал[17] – акындын сөзү эмес! Силердин ишенгендериңер өтө эле аз!
  • 42. Ал – көзү ачыктын да сөзү эмес. Силер абдан эле аз эстейсиңер!
  • 43. Ал – Ааламдардын Эгесинен түшүрүлгөн.
  • 44. Эгер ал кээ бир сөздөрдү Биздин атыбыздан кошуп айтканда,
  • 45. биз ага кудуретибизди көрсөтмөкпүз[18].
  • 46. Анан жүрөккө кеткен кантамырын[19] кесип салмакпыз.
  • 47. Силердин эч кимиңер андан[20] коргоно албайсыңар!
  • 48. Ал[21] – такыбаларга эскертүү.
  • 49. Чындыгында, Биз силердин араңарда[22] жалганчылар бар экенин (да) анык билебиз.
  • 50. Акыйкатта, ал[23]– каапырлар үчүн өкүнүч.
  • 51. Акыйкатта, ал[24] – анык Чындык!
  • 52. Улуу Эгеңдин ысмын аруула[25]!