Халаждар

Википедия дан

ХАЛАЖДАР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орто Азиядагы байыркы түрк урууларынын бири.

Халаждар тууралуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк араб-фарси маалыматтары боюнча хазлаждар огуздардын бир уруусу болгон жана алар жөнүндө алгачкы азынолок кабарлар Махмуд Кашгаринин «Дивану лугат ит-түрк», Абу-л-газинин «Шажарай-и-түрк», ал-Истахринин «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик», Рашид ад-диндин «Жами ат-Таварих» сыяктуу ж. б. чыгыш авторлорунун эмгектеринде эскерилет. Жазма адабияттардын көбүндө «халажи ан халачи» же «ал-халдж» («кал ач») түрүндө кезигет. Ал-Хорезми 10-кылымда Тохарстанда отурукташкан түрк урууларынын ичиндеги халач менен канжиналар байыркы эфталиттердин («ал-хай-тал») тукуму экенин эскертсе, Э. Р. Тенишев халаждарды Мухаммед Хайдардын эмгегиндеги (Тарих-и Рашиди) «калучи» жана кыргыздардын ичиндеги «калча» уруусунун бирдейлигине көңүл бурган. Балыкооздун санжырасында 12 уруулуу огуздар жалпысынан кыргыз, казак, кыпчак, курама, ак маңгыт жана кара маңгыт, 12 уруулуу тайчык, 7 уруулуу жедигер, ногой, кытай, катаган, 19 уруулуу коңурат жана калчалардан турганы айтылат. Халаждар тууралуу маалыматтар 10-кылымдан кийин Орто Азиядан кезикпей калат жана Истахри аларды азыркы Афганстандын түштүгү, Сиестан менен Индиянын орто чени, башкача айтканда башка түрк урууларына салыштырмалуу алыскы түштүккө жайгаштырып, бул жакка «байыркы мезгилде» («фи кадим ал-аййам») эле көчүп келгенин белгилеген. Бул маалыматтарга таянуу менен кээ бир изилдөөчүлөр (мисалы, В. В. Бартольд, В. А. Ромодин ж .б.) Тарнак, Аргендаб, Аргасан сууларынын жогорку агымындагы (азыркы Афганстан) гилъзай жана Индиядагы хилъдж уруулары байыркы халаждарга байланышы бар болушу мүмкүн деген тыянак чыгарышкан.

Байыркы этимологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Махмуд Кашгари боюнча (котормо жана түшүндүрмө З.-А. М. Ауэзованыкы, Алматы – 2005) Зу-л-Карнайн (Александр Македонский) адегенде Самарканд шаары, андан кийин Кожент (Хужанд) өзөнүнөн өтүп, түрктөрдүн өлкөсүнө кирип келгенде, ал жерде жашаган калктын баары качып, акырында алардын артынан үй-бүлөсүн коштоп, аркасына жүгүн көтөргөн эки киши келет. Алардын абдан чарчаган кебетеси менен качкандарды кууп жетип, түркчө «кал аж», башкача айтканда: «Эй силер, токтогула, аярлап, кичине күтө тургула!» дейт. Ошону менен алар халаждар деп аталып калат. Эки уруудан турган халаждардын ата-теги (этимологиясы) ушул окуяга байланышкан. Абу-л-Гази хандын эмгегинде («Түрктөрдүн санжырасы») Огуз-хан Иран, Сирия жана Египетти чаап алууга аттанып, Талас («Талаш») шаарына жеткенде, ага үй-бүлөсү менен артта калган бир адамды алып келишет. Бүткүл калач эли («иль») ошол адамдан тараган. Азыр аларды халаждар дейт. Мавераннахрда абдан көп, алар өз эли менен Аймакка биригишкен. Хорасан менен Иракта дагы көп, алар Чагатай элине кошулуп кеткен.

Окумуштуулардын пикири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

В. Радловдун пикиринде халаждардын элдик этимологиясы «кал ач» – «кал, анан ач» болсо, В. Бартольд «ачка калуу» деген вариантты кошучалаган. Жөнөкөй айтканда халаждардын этимологиясы артта калган адамга байланышкан. Ушул маалыматтар жана Э. В. Севортяндын сөздүгүндөгү түрктөрдүн «halač»,«alač» («алача», «алаша» же «арка», «аттын жону») деген сөздөр кытай таануучу Ю. А. Зуевди халаж этнониминин этимологиясын байыркы кытай тарыхый даректериндеги кыргыздар менен ар дайым кошуна турган «ала-ат» (орусча «саврасый», «пёстрый»; кыт. «бюньма», «йелочжи», «хелань») уруусуна байланыштырууга түрткү берген. Бирок мындай көз карашты далилдөө үчүн чет элдик, башка тилдеги булактар менен кошо, ошол элдин өзү жөнүндө ички (оозеки болсо дагы) маалыматтар талап кылынат. Анткени оозеки фольклордо «ала-ат» же аттын түсү, аттын жонуна байланышкан этноним кезикпейт. Мисалы, кыргыз-казактар колдонгон «алты уруу алачтан тараганбыз (казакча «алаш») деген сөз бир уруу эмес, «жалпы эл», ошол эл кандайдыр бир учурда колдонгон урааны болуп саналат. Муну менен кошо Ю. А. Зуев араб тилинен которулган адабияттарда «халажи ан халачи» деген сөздө диакритикалык белги (чекит) 3-тамганын алдына эмес, үстүнө коюлуп калгандыктан, ал «халухи ан карлуки» болуп окулуп калганын белгилеген. Мисалы, ибн Хаукалдын эмгегин («Китаб ал-масалик ва-л-мамалик») которгон С. Л. Волин «карлуктар» деп көрсөтсө, ошол эле эмгекти которгон Е. К. Бетгер «хазлажиттер» деген терминди колдонгон. Мындай абал Орто Азия тарыхын, ал жердеги жергиликтүү уруулардын этногенезин окууда кээ бир маселенин али чечиле электигин көрсөтөт. Эгер мындай катачылыктар иш жүзүндө орун алган болсо, анда Орто Азиядагы карлуктар жана алар курган мамлекет тууралуу маселе келип чыгышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бартольд В. В. Работы по истории и филологии тюркских и монгольских народов. /Соч. М., 1968. Т. V.
  • Абулгази – Родословное дерево тюрков. Сочинение Абул-Гази, хивинскою хана. Пер. и предисл. Г. С. Саблукова, в кн. «Известия об-ва археологии, истории и этнографии при Казанском университете», Т. 21, в. 5-6. Казань, 1906.
  • Диван Лугат ат-Турк Махмуда ал-Кашгари. /Перевод, предисловие и комм. З.-А. М. Ауэзовой. А., «Дайк-Пресс», 2005.
  • Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., «Дайк-Пресс». 2002.