Ханджеза Карим Лемзарович
Карим Латифович Ханжеза (1982-жылы 22-августта туулган, Александровка айылы, Москва району, Чүй облусу, Кыргыз ССРи) — кыргызстандык коомдук ишмер жана саясатчы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты[1]. Дунгандардын коомдук ишмердигинде активдүү[2].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Карим Ханжеза 1982-жылы 22-августта Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында туулган.
Билими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үч жогорку билимге ээ. Бардык дипломдорду Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинен (КРСУ) алган:
2003-жыл: Эл аралык мамилелер факультетин "Саясат таануу" адистиги боюнча аяктаган.
2004-жыл: Эл аралык мамилелер факультетинин магистратурасын "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган.
2010-жыл: Юридикалык факультетин "Эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу жана коомдук ишмердүүлүгү 2010-жыл: "Best of the best" компаниясынын юристи.
2010–2015-жылдар: Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун коомдук юрисконсульту.
2011-жыл: "Аверс" ЖЧКсынын юрисконсульту.
2012–2015-жылдар: Александровка айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары.
2013–2017-жылдар: "Кут Билим" ЖЧКсынын башкы директору.
2020–2021-жылдар: "Ханжеза К. Л." ЖИ жеке ишкер.
Дунгандардын коомдук ишмердиги Кыргыз Республикасындагы дунгандардын коомдук бирикмелериндеги негизги кызматтарды ээлейт:
2010–2012-жылдар: "Кыргыз Республикасынын дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин (КРДА) башкармалыгынын мүчөсү жана Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү.
2012–2016-жылдар: "Кыргызстан дунгандар ассоциациясы" КБнын жаштар саясаты боюнча вице-президенти.
2016-жылдан азыркы убакка чейин: "Кыргызстан дунгандар ассоциациясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы.
Саясий ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2021-жылда Парламенттик шайлоого №23 Москва бир мандаттуу шайлоо округунан катышып, декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган[3]. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары Карим Ханджеза мамлекеттик тил саясатына байланыштуу маселелерди көтөрүп келген. 2022-жылы ал мектептерде кыргыз тилин окутуу сааттарын көбөйтүүнү сунуштап, азыркы эки саат жетишсиз экенин жана бул өзгөчө дунган жана башка улуттар жашаган аймактарда тилди үйрөнүүнүн натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген[4].
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.