Мазмунга өтүү

Ханой

Википедия — ачык энциклопедия
Вьетнамдын борбору
Ханой
Герб
Герб
Өлкө Вьетнам
Статус Борбордук деңгээлдеги шаар
Координаттар 21°06′ с. ш. 105°49′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү 10 шаардык район, 18 айылдык район жана 1 шаар
Башчысы Нгуен Дык Чуңг
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1010
Мурунку аталышы Тханглонг, Донгдо, Донгкуан, Донгкинь, Бактхань ж. б
Аянты 3344,7 км²
Убакыт аралыгы UTC+07:00
Калкы
Расмий тили вьетнам тили
Калкы 8 435 650[1] адам (2020)
Жыштыгы 1927,90 адам/км²
Улуттук курамы вьеттер, кытайлар, мыонглар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +84 24[2]
Почта индекси 10
Расмий сайты hanoi.gov.vn
Ханой (Вьетнам)

Ханой (вьетн. Hà Nội, тьы-ном. 河內 — түз мааниси «эки дарыянын ортосунда жайгашкан шаар» же «дарыя курчаган жер») — Вьетнамдын борбору жана калкынын саны боюнча өлкөдөгү экинчи ири шаар. Өлкөнүн башкы саясий, билим берүү жана маданий борбору, ошондой эле маанилүүлүгү боюнча Хошиминден кийинки экинчи өнөр жай борбору. 1902-жылдан 1945-жылга чейин — Француз Индо-кытайынын борбору, 1954-жылдан 1976-жылга чейин — Вьетнам Демократиялык Республикасынын (Түндүк Вьетнамдын) борбору болгон. Ханой шаары Хонгха дарыясынын жээгинде жайгашкан. Калкынын саны – 8.685.607 адам (2024)[3]. Ханой 12 шаардык райондон, 1 шаар тибиндеги райондон жана 17 айылдык райондон турат.

Ханой (вьетнамча: Hà Nội) деген аталыш эки сөздөн турат: – «дарыя», nội – «ичинде» же «ички» деген маанини билдирет. Ханой шаары эки, Хонгха (Кызыл дарыя) жана Толить, дарыяларынын ортосунда жайгашкан дегенди билдирет.

Айлана-чөйрөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ханой дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын катарына кирет. Жыл сайын бир нече күн абанын булганышы боюнча дүйнөдөгү эң начар көрсөткүчкө жетип, адамдын ден соолугуна коркунуч жараткан майда чаңдын деңгээли кооптуу чектерге чейин жетет[4]. Мындан тышкары, шаар аркылуу агып өткөн дарыялар (Нюэ дарыясы, Тô Лич дарыясы, Ким Нгу дарыясы, Лы дарыясы жана Сэт дарыясы) жана көлдөр аябай булганган жана аларды калыбына келтирүү зарыл[5].

Буддизм, даосизм жана конфуцийчилик (Вьетнамча “там зяо”) негизги диндер болуп көп жылдардан бери сакталып келет. Көпчүлүк адамдар өздөрүн буддист деп эсептешет, бирок алардын баары эле динди үзгүлтүксүз карманышпайт.

Ханой көптөгөн этникалык топтордон турган көп түрдүү калкка ээ. 2019-жылкы Вьетнамдын эл каттоосуна ылайык, шаарда 50дөн ашык этникалык топ жашайт. Алардын ичинен Вьет (Кинх) эли басымдуу көпчүлүктү түзүп, Ханой калкынын 98,66 пайызын түзөт[6].

  1. NATIONAL STATISTICS Office
  2. Телефонные коды Вьетнама.. Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2025. Түп булактан архивделген күнү 13 Апрель 2019.
  3. Hanoi population, Population Information. 31-январь 2024-ж.
  4. Air quality in Hanoi at worst level worldwide again, Voice of Vietnam. 21-март 2025-ж.
  5. Hanoi rivers in dire need of revitalization from pollution Tuoi tre News. 25-декабрь 2024-ж.
  6. General Statistics Office of Vietnam (2020). Kết quả Toàn bộ Tổng điều tra dân số và nhà ở năm 2019 [Completed Results of the 2019 Viet Nam Population and Housing Census] (PDF). Statistical Publishing House (Vietnam). ISBN 978-604-75-1532-5. Archived from the original on 10 January 2021.