Мазмунга өтүү

Хан көтөрүү салты

Википедия — ачык энциклопедия

Хан көтөрүү салты - Бул байыркы салт чыгыш жазма булактарында, дастандарда, элдик оозеки чыгармаларда ж.б. эстеликтерде сакталып келет.

Энесайлык кыргыздардын урпактары болгон хакастарда ханды (каганды) такка олтургузуу салты «хан кутерме» деп аталат. Кыргыздарда хан көтөрүү салты Кокон хандыгы кулаганга чейин сакталып келди. Байыркы кыргыздарда мамлекеттин башчысын тактыга олтургузууда калктын жогорку катмары болгон өкүмдарлар каганды ак кийизге салышып, күндүн траекториясы (чыгыштан батышка карай) боюнча курмандык чалынган жерди тогуз ирет айланышкан.

Андан соң каган: «Мындан кийин менин ар бир сөзүм кылыч болсун», - деп жар салган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.