Хара-Хото

Википедия дан

Хара-Хото (моңголчо Kapa шаар) - Эцзин-Гол суусунун төмөн жагындагы (мэр) шаар-чебинин (11-13-к.) калдыгы.

Археологиялык божомолдоолор боюнча шаар б. з. ч. 2-1-кылымда пайда болуп, кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн. Алгач тибеттиктерге, кийин түрктөргө, 9-кылымдын 2-жарымында уйгурларга, 10-кылымдан тангуттарга, 13-кылымдан моңголдор бийлигине баш ийген. 1372-ж. Кытайдын Мин династиясы Хара-Хотону басып алган. П. К. Козловдун экспедициясы изилдеген (1908, 1909, 1926). Казуу убагында соода, кол өнөрчүлүк устаканалары, ар түрдүү эмгек куралдары, фарфор, тыйын, дүйнөдө биринчи кагаз ассигнация, статуэткалар жана иконалар, 2 миң томдон ашуун китеп жана кол жазмалар (кытай, тибет жана тангут тилдеринде) ж. б. табылган. Алар Санкт-Петербургдагы Эрмитажда сакталуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4