Мазмунга өтүү

Хасан-ахунов Нур Якубович

Википедия — ачык энциклопедия

Хасан-ахунов Нур Якубович (1944-ж. т., Фрунзе ш.) - бийчи,балетмейстер-режиссёр, республикадагы туңгуч дунган хореограф, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.

М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынан педагог Г.Б. Даниярованын классынан окуган жана проф. У. Сарбагышевден бүтүргөн. Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында иштеген. 1969-ж. Москвадагы A. В. Луначарский атындагы ГИТИСтин (Россиялык театр өнөрү академиясын) «балетмейстер-режиссёр» адистиги боюнча 1975-ж. бүтүрүп, Уфа шаарындагы опера жана балет театрында, Алматыдагы жана Бишкектеги хореографиялык окуу жайында педагог-балетмейстер.

«Щелкунчик», «Маугли», «Чыңгыз-хандын ак булуту» ж. б. балеттерди, опералардагы бийлерди, кыргыз, орус, чет өлкөлүк композиторлордун музыкаларына концерттик номерлерди койгон. Алар ар кандай өкмөттүк жана гастролдук концерттерде аткарылууда.

Кыргыз улуттук консерваториянын хореография кафедрасынын доценти.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.