Хасан Жээнбаев

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жээнбаев Хасан (1902, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы –1937-ж. атылып, сөөгү 1992-ж. Чоңташтагы Атабейит көрүстөнүнө коюлган) – мамлекеттик жана партиялык ишмер.
1918-жылдан балдар үйүндө тарбияланган. 1919-ж. а. ч. мектебин, 1926-ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин бүткөн.
1926–37-ж.ж. совхоздук жана партиялык кызматтарда. 1928–29-ж.ж. Украина КП(б) Кадиевск районунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
1933–35-ж. Базаркоргон райкомунун катчысы, Кыргыз обкомунун уюштуруу жана а. ч. бөлүмүнүн башчысы, 1935-ж. Кыргыз обкомунун 2-катчысы.
1937-ж. июлда Кыргызстан КП(б) БКнын 2-катчылыгына шайланган.
1937-ж. репрессияланып, 1957-ж. толук акталган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б.,2003