Мазмунга өтүү

Хатумо

Википедия — ачык энциклопедия
Хатумо
англ. Khatumo State of Somalia
сомал. Dawlad Goboleedka Khaatumo ee Soomaaliya
ар. ولاية خاتمة

Автономдуу мамлекет



Желек
Борбору Ласъанод
Тил сомали тили, араб тили
Дин Ислам
Башкаруу формасы президенттик республика
Президент
 - 12-январь 2012 - 2013 Ахмед Эльми Осман

Сомалилик Хатумо мамлекети (англ. Khatumo State of Somalia, сомал. Dawlad Goboleedka Khaatumo ee Soomaaliya, ар. ولاية خاتمة) — Түндүк Сомалидеги автономиялуу администрация, борбору Ласъанод шаары. Курамына Соль, Санаг жана Каин аймактарынын бөлүктөрү кирет.

Ал эл аралык коомчулук тарабынан де-факто мамлекет катары жок болгон Сомали мамлекетинин бир бөлүгү катары таанылат. Учурда бул аймакка коңшу болгон таанылбаган мамлекеттер Сомалиленд менен Пунтленд Хатумонун аймагын талашып келет.

Расмий борбору — Ласъанод шаары (айрым учурда Лас-Анод деп аталат), шаар 2007-жылдан бери Сомалиленддин көзөмөлүндө. Негизги борбору Талех шаары болгон, бирок 2014-жылдын 14-апрелинде Сомалиленд аскерлери Талехти жана анын аймагын ээлеп, Хатумонун аймагын экиге бөлгөн[1]. Бирдиктүү Сомалинин курамында автономия түзүү үчүн HBM-SSC (Hoggaanka Badbaadada iyo Mideynta SSC) аттуу уюм аракеттенип келет. Ал негизинен Соль, Санаг жана Айн провинцияларынын куралдуу күчтөрүнөн турат. Негизги союздашы — коңшу Пунтленд, ал эми каршылаштары — Сомалиленд менен Эфиопия.

Хатумо мамлекети 2011-жылдын 20-декабрында Соль аймагындагы Талех провинциясында өткөн конференцияда жарыяланган[2]. Хатумо Сул-Санаг-Айн (SSC) бирдиктүү аймактык администрациясынын негизинде түзүлгөн[3]. 2012-жылдын 12-январында жыйынга катышкан 367 делегат бул чечимди жактырган. Азыркы учурда был автономия Сомалинин Федералдык өкмөтү тарабынан расмий таанылган[4].

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]