Хаяо Миязаки

Википедия дан
Хаяо Миядзаки‎»‎ барагынан багытталды)

Хаяо Миязаки (англ. Hayao Miyazaki, жапон тилинде: 宮崎 駿, Miyazaki Hayao; 1941-жылы 5-январь) – жапон режиссеру, продюсер, сценарист, аниматор, жазуучу жана мангака. Studio Ghibli аталышындагы тасма жана анимация компаниясынын кош-негиздөөчүсү, кыйын жомок айтуу жана анимэ тасмаларды тартуу жөндөмдүүлүгү менен дүйнөлүк аренада таанымал болгон. Миязаки дүйнөдөгү эң мыкты режиссер-аниматор болуп саналат.

Бункөдо (Токио) туулган Миязаки бала кезинен эле манга жана анимэге кызыгы бар болгон, 1963-жылы Toei Animation студиясында иштеп баштаган. Алгачкы жылдары Миязаки студияда келип туруучу аниматор катары иштеген, кийин режиссер Исао Такахата менен кызматташкан. Студияда иштеп жүргөн кезинде Миядзаки "Эр жүрөк" (англ. Doggie March) жана "Гулливердин космостогу кызыктуу окуясы" (англ. Gulliver's Travels Beyond the Moon) анимациялык тасмаларга салымын кошкон. Ошондой эле ал Такахата менен бирге "Лүпин үчүнчүнүн кызыктуу окуялары I" (англ. Lupin the Third Part I) анимэсинин үстүндө иштеп, 1971-жылы A-Pro студиясына кетүүнүн астында, Toei студиянын "Өтүкчөн мышык" (англ. Puss in Boots) жана "Кенч аралы" (англ. Animal Treasure Island) анимацияларына ири салымын кошкон. Миядзаки 1973-жылы Zuiyō Eizō (учурда: Nippon Animation) компаниясына иштегени которулган, андан мурун ал "Дүйнөлүк шедеврлардын театры" (англ. World Masterpiece Theater) анимациясынын үстүндө иштеген жана "Конан - келечектин уулу" (англ. Future Boy Conan) мультсериалдын продюсери болгон. 1979-жылы Миязаки Telecom Animation Film компанияда иштеп баштаган, ошентип ал өзүнүн биринчи көркөм тасмаларын чыгарган, алар: "Каглиостро сепили" (англ. The Castle of Cagliostro, 1979), "Шамал өрөөнүндөгү Наушика" (англ. Nausicaä of the Valley of the Wind, 1984) жана "Тыңчы ит" (англ. Sherlock Hound) телевизиондук сериялары.

1985-жылы Миязаки Studio Ghibli студиясынын кош-негиздөөчүсү болгон. Studio Ghibli менен кошо ал бир канча тасма чыгарган, алардын ичинде: "Асмандагы сепил" (англ. Castle in the Sky, 1986), "Кошунамдын аты Тоторо" (англ. My Neighbor Totoro, 1988), "Кикинин жеткирүү кызматы" (англ. Kiki's Delivery Service, 1989) жана "Порко Россо" (англ. Porco Rosso, 1992). Бул тасмалар Жапонияда финансылык жатан ийгиликтүү жана киносынчлар тарабынан жогору бааланган тасмалар болгон. Миязакинин "Мононоке канбийке" (англ. Princess Mononoke) тасмасы Жапон академиясынын сыйлыгынын "Жылдын эң мыкты тасмасы" номинациясына татыган эң биринчи анимациялык тасма болуп, 1997-жылы жарыкка чыккандан кийин, кыска бир убакыт ичинде, эң көп кассалык чогултууларды жыйнаган тасмага айланган. Тасманын батыш мамлекеттерине жайылтуусу Ghibli студиянын Жапониядан тыш мамлекеттери арасында популярдуулугун жана таасирдүүлүгүн көтөргөн. Миядзакинин 2001-жылы чыккан "Сен менен Чихиронун кайып болушу" (англ. Spirited Away) тасмасы жапон тарыхында эң көп кассалык чогултууларды жыйнаган биринчи тасма болгон, бул тасма 2003-жылы "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты анимациялык тасма" номинациясына татып, эч бир заманда болуп көрбөгөн эң мыкты анимациялык тасмалардын бири болуп саналат. Миязакинин "Жүрмө сепил" (англ. Howl's Moving Castle), "Поньө" (англ. Ponyo) "Шамалдын күчөөсү" (англ. The Wind Rises) тасмалары да финансылык жактан ийгиликке жетип киносынчылардын жогору бааларына татыган. "Шамалдын күчөөсү" тасманын чыгышынан кийин Миязаки көркөм тасма тартуу ишин токтотоорун жарыялаган. 2016-жылы Миязаки жаңы көркөм тасмасы менен ишине кайра кайтат.

Миязакинин тасмалары адамзаттын табият менен техника болгон мамилеси жана пацифист этикасын сактоо кыйынчылыгы сыяктуу кайталанган темалары менен өзгөчөлөнөт. Миязакинин тасмаларынын башкы каармандары көптөгөн учурларда күчтүү кыздар жана жаш аялдар, ошондой эле анын бир канча тасмалары моралдык жактан түшүнүксүз садага каармандарды да сунат. Миязакинин иштери жогору бааланып сыйлыктарга татыган. 2012-жылдын ноябрында маданиятка кашкон салымы үчүн Person of Cultural Merit сыйлыгына татыган, ал эми 2014-жылы ал анимация жана тасма өнүгүүсүнө дем бергени үчүн Academy Honorary Award сыйлыкка ээ болгон. 2002-жылы кинокритик Рожер Эберт Миязакинин тасмаларынын терең мааниси жана кооздугу үчүн Миязакини тарыхта болгон эң мыкты анимациялык тасманын режиссеру болоорун божомолдогон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]