Хедхантинг

Википедия дан

Хедхантинг дагы бир аталышы Хедхантер (англ. headhunting — англис тилинен которгондо “head” – “баш”, "hunter" – “аңчы”). Түзмө-түз маанисин алганда баштарга аңчылык кылуу. Хедхантер жумушка керектүү эң мыкты адисти издөөчү. Тактап айтканда, эгерде тигил же бул компанияга кайсы бир адис талап кылынса, хедхантер ал вакансияга эмгек рыногунан мыкты жумушчуну табышы керек. Ал жумушчу башка компанияда иштеп жатса да, ага андан да мыкты шартты түзүп берүү менен азгырып, кандай болгон күндө да өзүнүн компаниясына тартып алуу. Бул хедхантердин негизги жумушу. Хедхантинг түшүнүгү АКШда ХХ кылымдын 20-жылдарында пайда болуп, ишкана башчылары мыкты кадрларды издөөсү менен башталган. Бара-бара бул тармак өөрчүп, учурда АКШ жана Канадада хедхантинг компаниялары миңдеп саналат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]