Хельсинки Университети

Википедия дан
Collegium of Advanced Studies, University of Helsinki.JPG

Хельсинки университети (фин. Helsingin yliopisto, швед. Helsingfors universitet, лат. Universitas Helsingiensis, UH деп кыскартылат) - 1929-жылы негизделген жана Финляндиянын Хельсинки шаарында жайгашкан. Бирок ал 1640-жылы Швед империясына кирген Турку (Швед тилинде Åbo) шаарында Падышалык Або академиясы деп алгач негизделген. Ал Финляндиядагы илимдин ар тараптарын окуткан эң байыркы жана ири жогорку окуу жайы болуп саналат. Азыркы учурда 11 факультетте жана 11 илимий-изилдөө институттарында 36 500 студент окуу программалар боюнча билим алууда.

2005-жылдын 1-августу боюнча университет жалпы Европадагы Болондук процессинин түзүмүнө ылайык, жана ошондой эле бакалавр, магистратура, лицензиат жана докторлук даражаларын сунуштайт. Бакалавр, магистратура, жана андан өйдө даражаларга университет тарабынан кирүү экзамендеринин жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Окууга тапшыруу өзгөчө тандалма (жылдык өтүнмөдөн болжол менен 15% кабыл алынат) болуп саналат. 2016-жылы ARWU, QS жана THE рейтингдери боюнча университет дүйнөдөгү 100 мыкты жогорку окуу жайлардын бирине кирет.

Хельсинки университети гумбольттук идеалга умтулуп, сапаттуу окутууну жана изилдөөну жогорку эл аралык стандартта чыгарууга катуу басым жасайт. Ал Europaeum, UNICA, Utrecht Network сыяктуу ар кандай белгилуу эл аралык университет тармактарынын мүчөсү болуп саналат, жана Европалык изилдөө университеттер лигасынын да уюштуруу мүчөсү болуп саналат.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кампустары[оңдоо | булагын оңдоо]

Жетекчилиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]