Хижап

Википедия дан

Хижап (араб. - мусулман аялдарынын авратын жаап кийинүүсү) — мусулман аялдары көчөгө чыгар алдында бүткүл боюн жашыра турган жабуу, кийинүү.

Исламда аялзатынын жүзү жана билегинен колунун учуна чейинки дене мүчөсүнөн башка жеринин баары аврат деп эсептелинет. Хижап ислам дини пайда болгонго чейин эле тарыхта белгилүү болгон. Мис., иудаизм жан христиан диндеринде да динди бекем тутунган аялдар Хижап кийишкен. Хижап Орто Азия элдерине кеңири тарап, анын ичинде кыргыздарга да таасирин тийгизген. Ал кыргыздардын улуттук элечегинен байкалат. Болгон айырмасы исламда Хижап кыз кишиге балакатка жеткенден баштап милдеттүү болсо, кыргыздарда элечек күйөөгө чыкканда гана милдеттүү болгон.

Биринчи жолу Хижапдан ачык баш тартуу XIX к. 70-жж. Египетте башталып, мусулман өлкөлөрүндө демократташтыруу үчүн болгон күрөштүн ураандарынын бири болуп калса да, азыркы консервативдүү агымдар Хижапды исламдык этиканын зарыл элементтеринин бири деп кароодо. Азыр мусулман өлкөлөрүндө Хижапдын жеңилдетилген түрүн колдонуу айрыкча жаштар арасында кеңири тароодо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8