Хилис

Википедия дан
heelys ботинкасы

Хилис – (англ. heelys) бул дөӊгөлөктүү бут кийим. Англис тилиндеги «согончок» дегенди түшүндүргөн «heelys» сөзүнөн келип чыккан. Рожер Адамс аттуу киши бир ирет скейтборд тээп жүргөн адамдарды карап отуруп, «а эмнеге жөнөкөй эле бут кийимге дөӊгөлөк кадап койгонго болбосун?» деп өз оюн ишке ашырган. 2001-жылы дөӊгөлөктүү бут кийимдер сатыкка чыгып, абдан популярдуу болуп кеткен. Хилис кийип жүргөн адамдарды Бишкектин көчөлөрүнөн да жолуктурууга болот. Хилистерге көнүп кетүүгө кыйын дешет, бирок эбин тапкан соӊ зуулдап жүрүп калууӊуз турган иш. Эгер жөн эле басуу керек болсо, дөӊгөлөктү алып коюуга да болот. Баса, бул бут кийимдер адамдын басыгын бузары да айтылып жүрөт.