Химиялык-технологиялык эсептөөлөр
Химиялык-технологиялык эсептөөлөр – өндүрүш проектисин түзүү жана анын натыйжалуулугун баалоо көрсөткүчтөрүн мүнөздөө үчүн жүргүзүлүүчү эсептөөлөр. Эсептөө өндүрүүнүн методун тандап алуудан башталат. Тандоо өндүрүлүүчү химиялык зат сапатын, сырьёлук жана энергиялык чыгымын, механизацияны, автоматташтыруу деңгээлин, санитардык шартын билүү, салыштырып баалоо, эсептөө аркылуу жүргүзүлөт. Өндүрүүнүн методу таңдалып, процесстер технологиялык схемасы түзүлөт да, материалдык жана энергетикалык баланстар эсептелет. Материалдык балансты түзүүдө чийки зат жана продуктулар бардык компоненттери эске алынып эсептелип чыгарылат. Материалдык жана энергетикалык баланс теңдеме, формула, диаграмма,таблица түрүндө берилет. Балансты түзүүдө гидродинамикалык, жылуулук, масса алмашуу процесстери, химиялык кинетика закондору колдонулат. Мындагы эсептөөлөр технологиялык схеманын негизи болуп эсептелет. Баланс түзүлүп бүткөндөн кийин негизги аппараттар өндүрүмдүүлүгүн, өлчөмүн эсептейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6