Химиялык булгоо
Көрүнүш
Химиялык булгоо - каралган мөөнөттө кандайдыр бир заттардын бир нече жылдык орточо көрсөткүчүнөн ашыкча болушун көрсөткөн чөйрөнүн табигый химиялык касиетинин өзгөрүшү; айлана-чөйрөгө химиялык заттардын кириши.
Учурда табигый чөйрөдө 7-8 млн химиялык зат бар.
Жылына 250 миң жаңы кошулмалар пайда болууда. Химиялык заттардын көпчүлүгү канцерогендик жана мутагендик касиетке ээ. Алардын 200 түрү (бензол, асбест, пестициддер, бен(а)пирен, оор металл (сымап, кадмий, коргошун, түрдүү боёгуч заттар, тамак-ашка даам-татымал максатында кошулуучу заттар ж. б.)) өтө кооптуу, к. Айлана-чөйрөнү булгоо, Булгоо.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4