Химиялык реактор

Википедия дан

Химиялык реактор — химиялык реакциялар жүргүзүүчү куралдар. Аларга аралаштыргыч жана көлөмдүк реакторлор; катализдик көп катмарлуу жылыткыч тутуму бар колонкалык, трубкалуу реакторлор кирет.

Химиялык реакторлорду жасоодо аспап өндүрүмдүүлүгү, агымдар ылдамдыгы, жылуулук бергичтер беттик аянты, гидравликалык каршылык, режим жана конструктивдик параметрлер аныкталат. Берилген параметрлер термодинамикалык, кинетикалык, жылуулук, массалык жана агымдар структурасын эске алуу менен эсептелет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6