Хлоропласттар

Wikipedia дан
Хлоропласттар (Mnium stellare).

Хлоропласттар (гр. chloros – жашыл, plastos – ийленген) - өсүмдүк клеткасынын ичиндеги фотосинтез процессин жүргүзүүчү органоиддер (пластидалар). Хлорофиллдер жашыл түс берет.

Булар өсүмдүктүн жер үстүңкү ар түрдүү ткандарынын клеткаларында, өзгөчө жалбыракта жана жашыл мөмөдө көп кездешет жана жакшы өнүккөн. Х-дын уз. 5-10 мкм, туурасы 2-4 мкм. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн клеткаларындагы Х. (көпчүлүк учурда 15-50) линза сымал тегерек же эллипс сымал формада болот. Балырларда Х. бир кыйла ар түрдүү болуп, алар хроматофорлор деп аталат. Алардын саны анча көп эмес (1ден бир нечеге чейин). Х. цитоплазмадан эки мембрана (чел кабык) менен бөлүнүп турат, алар белгилүү өткөргүчтүк касиетке ээ. Анын ички түзүлүшүн карасак, матриксте (стромага) жайгашкан хлоропласттар системасынын негизги структуралык бирдигин түзүп, тыгыздалган кап сымал (же жалпак ыйлаакчалар болуп тизилген) – тилакоиддерди түзөт. Тилакоиддерде негизинен – хлорофилл жана жардамчы болуп – каротиноид пигменттери топтолот. Диск сымал тилакоиддердин группасы бири-бири менен көңдөйчөлөрү аркылуу үзгүлтүксүз биригип (тыйындардын жыйындысына окшош) граналарды түзөт. Булар туурасынан кеткен тилакоиддер. Жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрдүн Х-рындагы, грандардын саны 40-60 (кээде 150гө чейин) жетет. Строманын тилакоиддеринде же башкача атйканда фреттерде – грандар бири-бири менен тыгыз байланышат. Жалпак ыйлаакчалардын аралары суюктукка толгон, ошол суюктук строма деп аталат. Хлоропласттардын стромасында рибосомалар, ДНК, ферменттер, крахмал бүртүкчөлөрү жайгашкан. Мындан башка АДФтен АТФти (фосфордоштуруу менен) синтездөө менен фотосинтез процесси жүрөт, липиддердин синтези жана гидролизи, крахмал жана белок ассимиляциялары стромада иш жүзүнө ашырылат. Ошондой эле хлоропласттарда ферменттер синтезделет, булар тилакоиддердин мембранасындагы белоктордун жана жарык реакциясынын жардамы аркылуу жүрөт. Х. пропластидалардан өөрчүгөн, алар бөлүнүү жолу менен репликацияга жөндөмдүү. Жалбырактардын жана сабактардын картайышынын, мөмөлөрдүн жетилишинин натыйжасында, хлоропласттар хлорофиллдин бузулушунан, жашыл түсүн жоготуп, хромопласттарга айланат. Божомолдоолор боюнча хлоропласттар байыркы ядролуу гетеротрофтук балырлар же жөнөкөйлүүлөр менен цианобактериялардын симбиогенезинен келип чыккан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]