Богдан Хмельницкий

Википедия дан
Хмельницкий Богдан (Зиновий) Михайлович‎»‎ барагынан багытталды)

Богдан Хмельницкий (27. 12. 1595 (6. 1. 1596) Суботов - 27. 7. 1657, Чигирин) — Украинанын мамлекеттик жана аскер ишмери, Запорожье аскер гетманы (1648).

Поляк бийлигине каршы украин элинин боштондук согушунун жетекчиси (1648-54). Львовдогу иезуит коллегиясынан билим алган. Түрк, татар, поляк, латын ж. б. тилдерди билген. Полына-Түркия согушуна (1620-21) катышып, Цецоро жанындагы салгылашууда атасы курман болуп, өзү түрктөрдө эки жыл туткунда жүргөн. 1637-38-ж. элдик көтөрүлүшкө катышкан. 1640-ж-дын ортосунда поляк эзүүсүнө каршы көтөрүлүштү уюштура баштап, 1647-ж. камакка алынган. Бирок көп узабай бошотулуп, Запорожье Сечине качкан. Кыска убакыттын ичинде Хмельницкий казактардын колдоосуна ээ болуп, 1648-ж. январда поляктарга каршы көтөрүлүш баштаган. Сечтен поляк гарнизонун кууп чыгып, ал Крым ханы менен мамиле түзгөн. Бардык украин элинин колдоосу менен казактардын көтөрүлүшү ири масштабдагы боштондук согушка айланып, тарыхта «хмельнитчиндер» деп аталып калган. Согуш мезгилинде Хмельницкий өзүн украин мамлекеттүүлүгүнүн уюштуруучусу, дипломат жана көрүнүктүү аскер ишмери катары көрсөткөн. X. поляк аскерлерине каршы күрөштө бир топ жеңиштерге жеткен (1648,1652 ж. б.). Иш жүзүндө Украина көз карандысыз мамлекетке айланып, бирок үч (Речь Посполита, Россия жана Осмон империясы) күчтүү державанын ортосунда калган. Поляктар көтөрүлүштү басуу үчүн көптөгөн аракеттерди жасап, күч топтой баштаган. Поляктардын үстүнөн болгон жеңишти аягына чейин жеткирүү үчүн сырткы күчтөрдүн колдоосу керек болгон. Казактар Речь Посполита менен күрөшүүдө крым татарларынан жардам сураган, бирок алар ошол мезгилде ишенимсиз болгондуктан, Хмельницкий Россияга кайрылган. Орус падышасы Украинаны Россияга кошуу шарты менен жардам берүүгө макулдугун берген. Хмельницкий 1648-ж. жана 1649-ж. Украинаны кабыл алуу жөнүндө суранып, орус падышасы Алексей Михайловичке кат жолдогон. 1654-ж. 8-январда элдик рада Украинанын Россияга кошулганын жарыялаган. Хмельницкийдин атында орден, шаар, облус бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4