Хоббит: Күтүлбөгөн сапар

Википедия дан

"Хоббит: Күтүлбөгөн сапар" (англ. The Hobbit: An Unexpected Journey, орус. Хоббит: Нежданное путешествие) — 2012-жылы тартылган эпикалык фантастикалык окуя тасмасы. Режиссеру Питер Жексон. Бул Жон Роналд Руэл Толкиндин 1937-жылы жарык көргөн "Хоббит" романына негизделип тартылган үчилтиктин алгачкы сериясы. Андан кийин "Смаугдун ээн талаасы" (2013) жана "Беш аскер күчүнүн салгылашы" (2014) экрандаштырылган. Булар Жэксондун "Шакектер ээси" үчилтик тасмасынын приквели же башаты болуп эсептелет. Тасманын сценарийин жазгандар Петер Жэксон жана анын көп жылдан берки өнөктөштөрү Фрэн Уэлш, Филиппа Бойенс жана Гуллермо Дел Торо.

Тасмадагы окуя Ортолук дүйнөдө "Шакектер ээсиндеги" кубулуштар башталганга чейин 60 жыл мурун орун алат жана фильмдеги айрым бөлүктөр Толкиндин "Падышанын кайтып келиши" тиркемесинен ылайыкташтырылып алынган. "Күтүлбөгөн сапар" Билбо Бэггинстин (Мартин Фриман) окуясы тууралуу баяндайт. Ал Торин Эменкалкандын (Ричард Армитиж) башчылыгы астында 13 эргежээл менен бирге Жалгыз тоону ажыдаар Смаугдан куткарып келүү үчүн жолго чыгат. Аны сыйкырчы Гэндалф (Айан Маккеллен) көндүрөт. Актердук топко Жэймс Несбитт, Кен Стотт, Кейт Бланшетт, Иэн Холм, Кристофер Ли, Хюго Уивиң, Элия Вуд, Энди Серкис, Силвестер Маккой, Бэрри Хамприс жана Ману Беннетт киришкен.

"Күтүлбөгөн сапардын" бет ачары Жаңы Зеландияда 2012-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн. Ал эми дүйнө жүзү боюнча кинотеатрларда ошол эле жылдын 28-ноябрында көрсөтүлө баштаган. Тасманын кассалык жыйымдары "Шакек бир туугандар" менен "Эки мунараны" артта калтырып бир миллиард доллардан ашкан. 2012-жылдын эң көп киреше алып келген 4-тасмасы, ал эми жалпы жонунан бардык тасмалардын ичинен эң көп киреше алып келген 26-кино болуп калган. Киносынчылардын баасы бир беткей болбогону менен тасма Оскардын "Эң мыкты визуалдык эффект", "Эң мыкты сүрөтчү-коюучу" жана "Эң мыкты чач жасалгасы жана грим" номинациялары боюнча сыйлыкка көрсөтүлгөн. Ошондой эле тасма Британия киноакадемиясынын үч категориясы боюнча да сыйлыкка көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]