Хожа Абдаллах Ансари

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Хожа Абдаллах Ансари[оңдоо | булагын оңдоо]

Абу Исмаил Абдуллах ибн Абимансур Мохаммад (1006-жылы бүгүнкү Оганстандын Герат шаарында жарык дүйнөгө келген жана 1088-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан). Ал Иранда өзгөчө Герат шаарында “Картаң Герат”, “Картаң Ансари” жана “Хожа Абдаллах Ансари” жана “Ансари Херуви”, илимпоз, суфийлердин мистиги катары белгилүү болгон. Он биринчи кылымдын көөнөрбөс адабиятчысы, байыркы Иран жана Хорасандагы Ыйык Куранды чечмелеп, хадистердин түшүндүрө билген даанышманы, төкмө акыны, этиканын адиси катары элге таанымал болгон. Ал өзүнүн көөнөрбөс таланы, сөздөрдү бири бирине шуурудай кылып айкалыштыра тизген чечендиги менен укмуштуудай аңгемелерди жазган. Ал өз чыгармаларын, мактоо ырларын араб жана фарсы тилдеринде жазып, калайык калктын купулуна толуп, атагы чыккан. Ал пайгамбардын шакиринин Абу Аюб Ансаринин тукумунан болгон. Апасы Балх шаарынан, ал эми Абдаллах өзү батыш Оганстандын Герат шаарында дүйнөгө келген. Ал бала чагынан эле акындыкка жакын болуп, фарсы, араб тилдеринде ажайып ырларды жаратып турган жана жаш кезинен эле адабият, дин илимдерине кызыгып, аларды терең окуп тим болбостон, араб тилиндеги ырларды кырааты менен кооз окуганы менен белгилүү болгон. Ал өзгөчө хадистерди жакшы билген. Ал ар дайым Шейх Садугтун “Амали” аттуу китептерин колунан чыгарбай, кызыгып окуп, анын китеп жыйындарын топтогон. Фикх укугунда Имам Ханбалинин багытын жолдогон. Ал суфизмди көп мугалимдерден үйрөнгөн. Эки жолу шейх Абулхасан Харгани менен жолугуп аңгемелешкен. Бул кездешүү анын ички дүйнөсүнө, кыялдарын оорундатканга чоң таасир тийгизген. Ал көбүнчүсү Герат шаарында жашап, бүт өмүрүн ал жерде билим алып, башкларга билим берүү менен өткөргөн. Ансари байма бай ырларды жазып турган, бирок баяндамалар менен китептерди араб тилинен которуп, котормочу катары да атагы чыккан. Анын которгон китептеринин эң мыктысы деп: Сельминин “Суфизмдин дэңгээлдери” герат диалектине которулган, Мейбдинин “Сырлардын ачылуу” Куран боюнча түшүндүрмөсүн айтсак болот. Анын сөз айкаштары шуурудай тизилип, бири бирине төп келишкен ырлары деп төмөнкүлөрдү айтсак болот: “Манаджат наме”, “Насайих”, “Заад аль-Арфин”, “Канз аль-Салькин”, “Каландар наме”, “Махит наме”, “Хафтх сар”, “Дел-о-жан наме”, “Ресале-е вардат” жана “Алахи наме”.

Бала чагы жана жаш кези[оңдоо | булагын оңдоо]

Ансаринин эскерүүсү: “Төрт жашымда мектепке бардым, тогуз жашта диктант жазгам жана ыр айткам, он төрт жашымда мени меджлиске отургузушту. Адамдардын бири мага суктанса, бири көз артып карап турушту...”[2] Атасы Балх шаарына көчүп кеткендиктен, Ансаринин жаш кези атасы жок өткөн. Ал Шейх Аму суфийдин колунда таалим-табия, билим алып тарбияланган. Кийин Йахи ибн Омар жана Таги Сажсетани аттуу мугалимдердин жетекчилиги менен Куран жана хадис окуусун уланткан. Масуд Газнави Гераттын султаны болгон учурда ал 12 жашта болчу. Эки жолу зияратка барып хадж аткарган, бир жолу Рей шаарына, ал эми экинчи жолу Багдад шаарына сапар кылган. Бул сапарда Шейх аль-Хасан Харгани менен жолугушуп, баарлашканга да үлгүргөн. Шейх: “ Кудай Хижазда да Хорезмде да бирдей бар болот” дегенин экөп эскерчү. [3] Бир жолу дагы Абу Саид Абулхейр менен кездешип сүйлөшкөн.

Аң сезими[оңдоо | булагын оңдоо]

“Мен акылмандыкка сырткы кооз кийимим менен эмес, руханий таануу жеттим …”. Ал Ислам илимдеринин устаты, Куран жана тафсир түшүндүрүүчүсү. Ал Куранды жалгыз бир далил катары мусульмандардын адеп-ахлагын оңдоп, тарбияга чакыруучу катары деп эсептеген. Шариаттын да тарикаттын да устаты болгон. Эмне кылат таанып, билген киши сени? Эмне болот үй, жай, оокат жана үй бүлө? Баш айланып, билбеймин мен табам кандай айланы, Дүйнө жүзү бөлүнгөндөй экиге Эмне болот, кандай болот дүйнө бөлүнгөн экиге?

Кудай жолго түшкөн адам билет бейиш не кенин, 

Сырткы жана ички кыбыла не кенин Жүрөгүнө ыйман берсе эгерде Барабар го миң зиярат кылганга.

Адеп-ахлаг мүнөзү[оңдоо | булагын оңдоо]

Шейх Нуриддин Абдурарахман Жами (1519-жылы дүйнөдөн кайткан) “Нафхат Аланас ман Хесрат алгодс” китебиненде айткан: “Абу Исмаил Абдаллах ибн Абимансур Мохаммад ал-Ансари аль-Херави ыйык Кудайдын жиберген аалымы, ага коюлган ат Шейх ал-Ислам. Ал Абу Мансур Мат ал-Ансаринин балдарынан болот. Мат Ансари ал Абу Аюб Ансаринин баласы, пайгамбар Медина шаарына көчүп барган заманда анын өнөктөшү болгон. Мат Ансари Осман халифат убагында Ахнаф бен Гис менен Хорасандын жергесине келип Герат шаарына барып отурукташкан.

Картаң кези жана өмүрүнүн аягы[оңдоо | булагын оңдоо]

Өмүрүнүн барын илимге билимге арнаган Ансаринин экикөзүнүн көрбөй калышы абдан чоң сокку болгон. Бирок ага карабастан Ансари өмүрүнүн акырына чейин кийинки муундарга тарбия-таалим берүүсүн талыкпастан уланткан. Ходжа Абдаллах Ансари 1089-жылы киндик каны тамган жерде, б.а. Герат шаарында, 85 жаш курагында жарык дүйнөдөн кайткан.

Чыгармалары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Суфизмдин деңгээлдери.
  • Маназел ал-Саърин
  • Канз ал-Сакин
  • Ресаил
  • Насаих
  • Алахи наме
  • Зам ал-калам
  • Заад ал-арфин
  • Монажат наме
  • Ресала дел-о-жан
  • Сад мейдан
  • Монагеб ахл аласар [5]
  • Ресале вардат
  • Хафт хесар
  • Каландар наме
  • Мохабат наме
  • Хожа Абдаллах Ансариге тиешелүү википедиядагы башка шилтемелер.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Arthur John Arberry, "Sufism: an account of the mystics of Islam", Courier Dover Publications, 2001. pg 69: "This manual was well regarded in later times; commentaries upon it were written among others by the celebrated Persian mystic Ansari
  • Абд ал-Рахъман Жами “Манагэб Шейх ал-Ислам ва нафхат аланас.
  • Атор Нишапури “Тазакарэ ал-авалие”
  • Брасен

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ансари, Хожа Абдаллах, “ Монажат хожа Абдаллах Ансари”, чогултуп даярдаган: Мансурадин Хожа Ансари. Тегеран: Агбал, 1980 г. стр. 21-22.
  • Брасен, Жорж “Эски Гераттын окуялары”, Фархадинин котормосу. Маданий-көркөм институту Эласт Фарда 2000 г.

Сырткы шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Хожа Абдаллах Ансари, Ирандын энциклопедиясы.

Дин, Адабият