Хоккайдо

Википедия дан
Хоккайдо.

Хоккайдо - Япониянын түндүгүндөгү арал. Батышын Япон, түндүгүн Охота деңиздери, чыгыш жана түштүгүн Тынч океаны чулгайт.

Түштүгүндөгү Хонсю а-нан Сангар кысыгы менен бөлүнүп турат. Аянты 77,7 миң км2 (Хонсю а-нан кийин 2-орунда). Рельефи негизинен тоолуу, бийиктиги 2290 м (Асахи тоосунда). Аракеттеги 8 жанар тоосу (Токати, Сяри, Усу ж.б.) бар; жер титирөөлөр болуп турат. Климаты мелүүн муссондук. Январдын орточо температурасы -7ден -11°Ска чейин, июлдуку 17-21°С. Жылдык жаан-чачыны 800-1500 мм. Дарыялары энергоресурстарына бай; ирилери - Исикари, Тесно, Токати. Аянтынын 60% ин токой (түндүгүн ийне жалбырактуу, түштүгүн аралаш жана жазы жалбырактуу токой) ээлейт. Ири шаарлары: Саппоро, Хакодате, Асахигава. Хонсю а. менен суу астындагы тоннель аркылуу байланышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4