Холера учурундагы махабат
"Холера учурундагы махабат" (исп. El amor en los tiempos del cólera, англ. Love in the Time of Cholera) - 1985-жылы Испанияда жарыкка чыккан колумбиялык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин романы. Alfred A. Knopf басмасы китептин англис тилиндеги котормосун 1988-жылы басып чыгарды, ал эми 2007-жылы англис тилиндеги тасма адаптациясы экранга чыкты.
Тасма адаптациясы
Stone Village Pictures тасманы 3 миллион долларга сатып алып, тасманын жетекчиси катары Майк Нүэллди, сценарист Рональд Харвудду тандады. Тасма 2006-жылынын сентябрында, Колумбиядагы Картахна шаарында тартылып баштаган.
2007-жылынын 16-ноябрында, эң кооз шаарда тартылган, 50 миллиондук чет өлкөлүк тасма New Line Cinema компаниясы аркылуу экранга чыкты. Гарсиа Маркес, өзүнүн демилгеси боюнча, коңшулаш Барранкилья шаарынан болгон Шакира менен тасмага эки ыр жазуусун макулдашты.