Хорватия улуттук футбол курамасы
| Хорватия улуттук футбол курамасы | |||
|---|---|---|---|
| Лакап аттары | Жалындуулар (хорв. Vatreni), Чакмактуулар (хорв. Kockasti) | ||
| Конфедерациясы | УЕФА (Европа) | ||
| Федерациясы | Хорватия футбол федерациясы | ||
| Башкы машыктыруучусу |
Златко Далич | ||
| Капитаны | Лука Модрич | ||
| Эң көп оюн саны |
Лука Модрич (196) | ||
| Мыкты бомбардири |
Давор Шукер (45) | ||
| Үй стадиону | Хорватиядагы стадиондор | ||
| ФИФА коду | CRO | ||
| ФИФА рейтинги | |||
| Азыркы | 11 | ||
| Мыкты | 3 (июль 1998) | ||
| Төмөнкү | 125 (март 1994) | ||
| Формасы | |||
| |||
| Биринчи оюн (Загреб, Югославия; 2-апрель 1940) | |||
| Эң ири жеңиш (Риека, Хорватия; 4-июнь 2016) | |||
| Эң ири жеңилүү (Элче, Испания; 11-сентябрь 2018) | |||
| Дүйнө чемпионаты | |||
| Катышуусу | 6 (биринчи жолу 1998-жылы) | ||
| Жетишкендиги | 2-орун (2018) | ||
| Европа чемпионаты | |||
| Катышуусу | 7 (биринчи жолу 1996-жылы) | ||
| Жетишкендиги | Чейрек финал (1996, 2008) | ||
| Улуттар лигасынын финалдары | |||
| Катышуусу | 1 (биринчи жолу 2023-жылы) | ||
| Жетишкендиги | 2-орун (2023) | ||
Хорватия улуттук футбол курамасы (хорв. Hrvatska nogometna reprezentacija) — эл аралык футбол мелдештеринде Хорватиянын атынан чыгуучу команда. Команданы Хорватия футбол федерациясы башкарат.
Курама 1990-жылы түзүлүп, 1992-жылы ФИФА жана УЕФА тарабынан таанылган.
Хорватия алгач ирет 1996 Европа чемпионатына катышкан. Команданын эң чоң жетишкендиги — 2018 Дүйнө чемпионатында финалга чыгышы; ошол мелдеште капитан Лука Модрич эң мыкты оюнчу болгон. Мындан тышкары, 1998 Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеп, Давор Шукер мелдештин мыкты бомбардир болгон.
Хорватия ФИФА рейтингинде чоң өсүш көрсөткөн командалардын бири болуп саналат жана 4 жылдын ичинде (1994—1998) 125-орундан 3-орунга чейин көтөрүлгөн. 2026-жылдын апрелине карата команда ФИФА рейтингинде 11-орунда турат.
Кураманын башкы машыктыруучусу — Златко Далич, капитаны — Лука Модрич.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ The FIFA/Coca-Cola World Ranking (англ.) (1- апрель 2026).
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Хорватия футбол федерациясынын расмий сайты
- Хорватия УЕФА сайтында
- Хорватия ФИФА сайтында
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |