Храповик

Википедия дан

Храповик, жалкы тиштүү механизм - бир багыт боюнча айландыруучу тиштүү механизм.

Ал токтотуучу түзүлүш (мис., жүк көтөрүүчү машиналарда) же үзгүлтүксүз бир багыт боюнча мезгилдүү айлануучу жана токтоткучу бар механизм катары колдонулат. Храповик бир тарапка гана айланат. Храповик техникада кенири колдонулат, мис., турнетка, бураган ачкыч (гаечный ключ), завод механизми, домкрат, оор нерсени көтөрүүчү машина (лебёдка), кол кишен ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4