Хризотил-асбест

Википедия дан

Хризотил-асбест - минерал, магнезийлүү катмарчалуу силикат, Mg6(Si4O10)(OH)8; серпентиндин тал-тал булалуу түрү.

Ак же ачык жашыл түстө, катуулугу 2-3, тыгыздыгы 25002600 кг/м3. Үзүлбөөчүлүгү өтө жогору (300350 кг/мм3те чейин) келген кристаллдарга чейин оңой ажырайт. Доломиттүү жана ультранегиздүү тоо тектердин серпентиндешүү процессине байланыштуу пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4