Хроматография
Хроматография – затты бөлүү, анализдөө физ.-хим. изилдөө анализи. Ал изилденүүчү компоненттер, кыймылдуу фазанын (элюянт) агымы менен кыймылсыз фаза аркылуу өткөндө, эки фазанын ортосунда бөлүнүшүнө негизделген. Кыймылсыз фаза катары беттик аянты чоң сорбент, колдонулат. Кыймылдуу фазаны сорбент аркылуу өтө турган газ (буунун) же эритме агымы түзөт. Аралашманын компонентинин, фазалар ортосундагы түңдештик же кинетикалык бөлүнүшүнүн айырмалуулугу алардын хроматографиялык бөлүнүшүнүн керектүү шарты болуп саналат. Кыймылдуу фазанын агрегаттык абалына жараша: 1) газ Х. ; 2) суюктук Х . ажыратат. Газ Х. өз алдынча газ-адсорбциялык жана газ-суктук Х. болуп бөлүнөт. Кыймылсыз фазанын сорбциялык катмарынын геометриясы боюнча колонкалык жана жалпак катмардуу Х. ажыратат. Жалпак катмардуу Х. жука катмардуу Х. же кагаз Х. кирет. Колонкалык Х. адатта капиллярдык Х. бөлүп көрсөтөт.. Бөлүнүү механизми боюнча ион алмашуу Х., тунма Х., адсорбциялык жана бөлүштүрүү Х.ажыратат. Адсорбциялык жана бөлүштүрүү Х. бөлүнүүчү заттар сорбентке түрдүүчө сорбцияланышына жана алардын кыймылсыз фаза менен элюэнтте түрдүүчө эригичтигине негизделген. Иш жүзүндө заттарды Х. бөлүштүрүү бир эле убакта бир нече механизмдер аркылуу ишке ашат.
Байланыштуу макалалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6