Хужурат сүрөсү

Википедия дан

49-сүрө «Хужурат[1]»[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мединада түшүрүлгөн. Он сегиз айаттан турат.
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. Эй, ыймандуулар! Алладан жана Анын элчисинен алдыга умтулуп[2] кетпегиле! Алладан корккула! Чындыгында Алла – Угуучу, Билүүчү.
  • 2. Эй, ыймандуулар! үнүңөрдү пайгамбардын[3] үнүнөн бийик көтөрбөгүлө. Өз ара бири-бириңерге кыйкыргандай, пайгамбарга кыйкырып сүйлөбөгүлө! (Анткени) амалыңар жокко чыкканын силер сезбей каласыңар.
  • 3. Чындыгында, пайгамбардын алдында үнүн акырын чыгаргандардын жүрөктөрүн такыбалык үчүн Алла сынаган эле. Аларга – кечирим жана улуу сый (бар).
  • 4. Чындыгында, бөлмөлөрдүн артынан сага кыйкыргандардын көбү акыл калчашпайт[4].
  • 5. Эгер сен алардын алдына чыкканга чейин[5] сабыр кылышса, анда өздөрүнө жакшы болоор эле. Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
  • 6. Эй, ыймандуулар! Эгер силерге бир бузуку[6] (адам) кабар алып келсе, кайсыл бир коомго байкабастык[7] кылып, кийин өкүнүп калбаш үчүн оболу[8] аныктагыла!
  • 7. Араңарда Алланын элчиси[9] бар экенин билгиле. Эгер ал көптөгөн иштерде силерге моюн сунса, анда силер кыйынчылыкка сөзсүз кабылмаксыңар. Бирок Алла силерге ыйманды жакшы көрсөтүп, аны менен жүрөктөрүңөрдү кооздоду[10]. Ошону менен бирге каапырлыкты, бузукулукту жана баш ийбестикти[11] жек көрсөтүп койду. Ошолор[12] туура жолдогулар.
  • 8. Бул – Алланын силерге ырайымы жана жакшылыгы! Алла – (баарын) Билүүчү, Даанышман!
  • 9. Ыймандуулардан эки коом бири-бири менен согуша турган болсо, алардын ортосун түзөгүлө. Эгер бири-экинчисине зомбулук кылса, анда баш тарткан[13] тарабы менен Алланын эркине алар баш ийгенге чейин согушкула. Ал эми баш ийишсе, адилеттүүлүк менен элдештирип, адилет болгула! Чындыгында, Алла адилеттүүлөрдү жакшы көрөт.
  • 10.Чындыгында ыймандуулар – бир тууган. Ошондуктан бири-бириңердин ортоңорду[14] түздөгүлө! Алланын ырайымына ээ болуу үчүн Андан корккула![15]
  • 11.Эй, ыймандуулар! Бир эл экинчи (башка) бир элди шылдыңдабасын: (Анткени) балким, алар[16] тигилерден[17] мыктыраактыр; ошондой эле айалдар да башка бир айалдарды шылдың кылышпасын: мүмкүн тигилер[18] беркилерден[19] мыктыраак. Өзүңөрдү (бири-бириңерди) жемелебегиле![20]. Бири бириңди жакпаган[21] аттар[22] менен атабагыла! Ыйманга келгенден кийинки бузукулук – кандай ыплас! Кимде-ким тообо кылбаса[23], демек, алар – заалымдар.
  • 12.Эй, ыймандуулар! Шектенүүлөрдүн көпчүлүгүнөн арылгыла. Анткени, айрым шек саноолор – күнөө. Бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири бириңерди артыңардан[24] тилдебегиле. Силердин араңардан ким өлгөн бир тууганынын[25] этин жешти жакшы көрсүн?![26] Силер аны жактырбайсыңар! Алладан корккула. Чындыгында Алла – тооболорду Кабыл Кылуучу, Боорукер.
  • 13.Эй, адамдар! Биз силерди эркек[27]-ургаачыдан[28] жараттык. Ошондой эле бири бириңерди таанып-билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Алланын алдында силердин эң сыйлууңар[29] – такыбараагыңар[30]. Чындыгында, Алла – (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар!
  • 14.Араб көчмөндөрү айтышты: «Биз ыйман келтирдик». (Сен): «Силер ыйман келтиргениңер жок. Андан көрө «Биз Алланын эркине баш ийдик», – дегиле. Бирок азырынча силердин жүрөгүңөргө ыйман (толук) кире элек», – деп айткын. Эгер силер Аллага жана Анын элчисине[31] моюн сунсаңар, Ал[32] силердин соопторуңарды эч кемитпейт. Чындыгында Алла – Кечиримдүү, Боорукер!
  • 15.Момундар – Аллага жана Анын элчисине[33] ыйман келтирип, шектенбестен[34], Алла жолунда өз мал-мүлктөрү жана жандары менен согушка чыккандар. Мына ошолор – (нагыз) чынчылдар[35].
  • 16.Айткын: «Диниңер тууралуу Аллага билдиргиңер келип жатабы[36]? Алла – асмандагыларды жана жердегилерди (мыкты) билет. Алла – баарын Билүүчү».
  • 17.Алар сага мусулман болгондугун айтышат. (Сен) аларга: «Мусулман болгонуңарды мага милдет кылбагыла. Тескерсинче, эгер силер чынчыл болсоңор…, силерди ыйманга келтиргендиги үчүн Алла силерге милдет кылат[37]!» - дегин.
  • 18.Чындыгында, Алла асмандардагы жана жердеги кайыпты билет. Алла силер эмне кылып жатканыңарды Көрүүчү!
  • [1] Хужураат – бөлмөлөр,
  • [2] Озуп, чектен чыгып, аша чаап кетпегиле
  • [3] Мухаммеддин (а.с.)
  • [4] Кимге кыйкырып жатышканын аңдашпайт, сезишпейт, өз абалдарына маани беришпейт
  • [5] Пайгамбарыбыз үйүнөн сыртка чакырган кишиге, чыкканга чейин кайра-кайра кыйкырбай, сабыр кылып турса
  • [6] каапыр, же мушрик
  • [7] адилетсиздик
  • [8] ал кабардын чын-төгүнүнө жетип
  • [9] Мухаммед (а.с.)
  • [10] Ыйман аркылуу жүрөгүңөрдү кооз, сулуу кылып койду.
  • [11] текеберчиликти
  • [12] Жүрөгү ыйман менен кооздолуп коюлган мусулмандар
  • [13] 1) Аллага моюн сунуудан; 2) согушту токтотуу тууралуу келишим түзүүдөн
  • [14] өз ара мамилеңерди
  • [15] Такыба болгула
  • [16] шылдың болгон эл
  • [17] шылдың кылган элден
  • [18] шылдың кылган айал
  • [19] шылдың болгон айалдан
  • [20] Өзгөчө кылып көрсөтүүгө аракет кылбагыла
  • [21] келекелүү
  • [22] Маселен кайсыл бир инсанды, же коомду алардын кемчилигинен улам бир лакап атка кондуруп келекелебегиле
  • [23] Башкаларды шылдыңдоо, келекелөөдөн баш тартып
  • [24] мусулманды өзү жок жерде ушак кылбагыла
  • [25] Анткени мусулман – мусулманга бир тууган
  • [26] Ушактоо – ушакталган адамдын этин жеген менен барабар оор күнөө
  • [27] Адам-Ата
  • [28] Обо-Энеден
  • [29] Алланын сыйына, Алланын Бейишине татыктууңар
  • [30] Такыба – Алланын буйруктарын бузуудан корккон, б.а. ыйманы (абдан) күчтүү мусулман
  • [31] Мухаммед (а.с.)ге
  • [32] Алла Таала
  • [33] Мухаммед (а.с.) ге
  • [34] Алланын жалгыздыгынан, Мухаммеддин (а.с.) пайгамбарлыгынан, Кыйамат Күнүнүн болушунан ж.б.
  • [35] Ислам дининдеги чыныгы чынчылдар
  • [36] Алла силер айтпасаңар да жүрөгүңөрдө катылган күкүмдөй сырлардан бери билип турат
  • [37] Анткени, эгерде, Алла Өзү каалабаса силер эч качан ыйманга келип, эки дүйнөдө бактылуу боло албайт элеңер. Ошол үчүн, акыйкатта, ыймандуу болгонуңар үчүн Алла силерге эмес, ыйманга алып келгени үчүн силер Аллага карызсыңар!