Мазмунга өтүү

Хүррем Султан

Википедия — ачык энциклопедия

Хүррем Султан ( болжол менен 1505[1] — 1558-жыл 15-апрель), ошондой эле Роксолана катары белгилүү — Осмон султаны Сүлейман Канунинин башкы аялы, анын мураскери Селим IIнин апасы жана Осмон империясынын тарыхындагы биринчи хасеки султан. Ал Осмон тарыхындагы эң күчтүү жана таасирдүү аялдардын бирине айланган жана «Аялдар султанаты» деп аталган мезгилдин башатында турган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Рутенияда (азыркы Украина) православ үй-бүлөсүндө туулган. Ал Крым татарлары тарабынан кулчулукка туткундалып, Крым аркылуу Осмон борбору Константинопольго алынып келинген.

Ал султандын гаремине кирип, тез эле Сүлейман Султандын сүйүктүү токолуна айланган. Осмон салтын бузуп, Сүлейман Хүрремге эркиндик берип, аны менен расмий никеге турган. Буга чейин султандар кул аялдар менен никеге турушкан эмес. Хүррем султандын сарайында өмүрүнүн акырына чейин калып, күйөөсү менен абдан жакын мамиледе болгон. Алар кеминде алты балалуу болушкан, анын ичинде болочоктогу султан Селим II да бар. Хүррем султанга чейинки салт боюнча, бир токол султанга бир гана эркек бала төрөп бериши керек болгон (бийлик балансын сактоо үчүн), бирок Хүррем беш эркек бала төрөп, бул салтты да бузган.

Хүррем империянын саясатында борбордук ролду ойноп, чоң бийликке ээ болгон. Сүлейман менен Хүрремдин ортосундагы кат алышуулар анын Султандын эң ишенимдүү кеңешчиси болгонун тастыктайт. Султан жортуулдарда жүргөндө, алар бири-бирине кумарлуу сүйүү каттарын жазышкан, ошону менен бирге Хүррем саясий абал тууралуу маалымат берип турган. Ал эл аралык дипломатияга да аралашып, мисалы, Польша менен болгон дипломатиялык мамилелерге таасир эткен.

Хүррем ири коомдук курулуштарды (анын ичинде Хасеки Султан комплекси жана Хүррем Султан мончосу) каржылаган. Ал 1558-жылы апрелде Константинополдо каза болуп, Стамбулдагы Сүлеймание мечитинин аймагындагы кооз күмбөзгө коюлган. Сегиз жылдан кийин анын жанына Сүлейман Султан да коюлган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. "Roxolana in European Literature, History and Culture" edited by Galina I. Yermolenko, Pg 2