Мазмунга өтүү

Царенко Лаврентий Иванович

Википедия — ачык энциклопедия

Царенко Лаврентий Иванович (1. 1. 1914, азыркы Ош обл., Сузак району, Массы айылы - 27. 10. 1976, Фрунзе) - Советтик Союз. Баатыры (1945). Кызыл Армиянын катарында кызмат өтөп (1937-40), кийин Улуу Ата Мекендик согушка (1941-45) катышкан.

Харьковдогу танк окуу жайын бүтүрүп (1943), 1-Прибалтика фронтунда 3-гвардиялык механикалаштырылган корпустун 43-гвардиялык танк полкунун командири болуп согушка кирген. 1944-ж. июлда Елгава ш. (Латвия) үчүн салгылашууда Царенко өзүнүн экипажы менен душмандын танкага каршы ок атуучу 3 замбирегин жана 14 ок атуучу точкасын 2 ок-дары складын, 7 паровозун жана 93 солдатын жок кылган. Ленин, Кызыл Жылдыз, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4