Царство

Википедия дан

Царство (лат. Regnum) биологияда - организмдер системасындагы эң жогорку таксономиялык категория.

Мурда тирүү организмдер 2 Царствого - өсүмдүктөр менен жаныбарларга бөлүнгөн. 20-кылымдын ортосунан окумуштуулар Царстводон жогорку - чоң Царствону (прокариоттор жана эукариотторду) кабыл алышкан. Прокариотторго 2 Царство - архебактериялар, бактериялар (а. и. цианобактериялар же көк жашыл балырлар); эукариотторго 3 Царство - жаныбарлар, козу карындар жана өсүмдүктөр кирет. Царство кичине Царствого, андан ары типке (бөлүмгө) ажырайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4