Цемент сырьёлору

Википедия дан

Цемент сырьёлору - цемент өндүрүүдө пайдаланылуучу минералдык түзүлүштөр.

Бир т цемент клинкерин (өтө майдаланган акиташ менен чопонун аралашмасын күйгүзүүдөн алынган жарым жартылай продукту) өндүрүү үчүн орточо нымдуулуктагы негизги минералдык сырьёдон 1,7-2,1 т иштетилет. Анын 75-82%ин карбонаттуу, 18-25% ин чополуу компоненттер түзөт.

Карбонаттуу тектерден: акиташ, бор, үлүл акиташы, акиташтуу туф; карбонаттуу-чополуу тектерден: мергелдүү акиташ, мергель; чополуу тектерден: чопо, чополуу сланец, лёсс, лёсс еымал кумай, кумай пайдаланылат. Башка сырьёлук материалдар (курамында темирдин компоненттери барлар, флюорит, фосфогипс, кремнийлүү фтордуу натрий) аз санда кошулат. Алсак, сырьёну майдалоодо чөкмө тектер (диатомит, трепель, опока, глиеж, спонгиолиттер) жана жанартоо тектери (күл, туф, пемза жана трасс) менен катар эле домна мештеринен жана электр станцияларынан чыгарылган күл кошулса, цементтин катуу мөөнөтүн жөнгө салуу үчүн гипс кошулат. Карбонаттуу жана чополуу тектер бардык геологиялык жаштагы катмарларда ири аянттарда калың гоптолгонун эске алсак, Цемент сырьёлорунун дүйнөлүк запасы абдан көп (так аныктала элек). Кыргызстанда жалпы запасы 260 млн т болгон 4 кени казып алынууда. Ак-Сай, Агала-Таш, Күрмөнтү, Исфайрам кендеринде запасы мол. Цемент сырьёлору Кант, Кубасай, Күрмөнтү цемент заводдорунда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4