Церетёли Акакий Ростомович
Церетёли Акакий Ростомович (9. 6. 1840, азыркы Грузия, Сачхер району, Схвитори айылы - 26. 1. 1915, ошол эле жер, сөөгү Тбилисиге коюлган) - грузин акыны жана коомдук ишмер.
1859-63-ж. Петербург университетинде окуган. И. Г. Чавчавадзе менен бирге 1860-жылдардагы улуттук-боштондук кыймылды жетектеген. «Тарнике Эристави» (1884), «Киколдун аңгемеси» (1889), «Натэла» (1900) ж. б. тарыхый поэмалары, «БашиАчуки» (1895-96) повести бар. Церетёли жарандык жана сүйүү лирикасынын чебери («Жылтылдак конуз», «Сулико» ж. б.). 1906-ж. «Интернационалды» грузин тилине которгон. Церетёли 1894-99-ж. жазган «Баштан өткөндөр» автобиографиялык чыгармасында 19кылымдын 2-жарымындагы грузин турмушу сүрөттөлгөн. Анын «Сулико», «Сүйгөнүмө», «Амиран», «Тарбиячы», «Кичинекей Ках», «Таң», «Цицинател» ж. б. ырлары грузин элине кеңири сиңип, обондуу ырларга айланган. 1947-ж. «Баштан өткөндөр » повестинин негизинде көркөм фильм тартылган (реж. К. Пипинашвили). 1939-ж. туулуп өскөн айылына музейи ачылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4