Мазмунга өтүү

Циандуу калий

Википедия — ачык энциклопедия

Циандуу калий, калий цианиди, КСN, цианид к-тасынын HCN тузу, нымды өзүнө өтө тез тартып алуучу, түссүз кристалл. Балкып эрүү t 634, 5 0С . Сууда жакшы эрийт (25 0С 100 г. сууда 71,6 г) оңой гидролизденет. Калий цианиди комплекс иондорду түзүүгө өтө жөндөмдүү. Мисалы, К3 [Fe (CN) 6].

СаCN+C+2KCl=2KCN+CaCl2

теңдемеси боюнча балкытып эритүү жана башка ыкмалар менен алынат. Калий цианиди синил к-тасы сыяктуу өтө уулуу. Анын буусунун бир аз эле өлчөмү дем алуу органына жетсе, адам эсин жоготуп, дем алуусу токтойт. Ал орг. синтезде нитрилдер алууда катализатор катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]