Мазмунга өтүү

Циан бирикмелери

Википедия — ачык энциклопедия

Циан бирикмелери, циан к-тасы жана циандуу суутек к-тасы көптөгөн орг. эмес жана орг. бирикмелерди пайда кылышат. Циан к-тасынын туздары цианаттар (к. Циан к-тасы), ал эми циандуу суутек к-тасынын туздары цианиддер деп аталат (к. Цианиддер). Цианаттар цианиддерге караганда анча уулуу эмес. Циан (дициан, козукулак к-тасынын динитрили). N º С - С º N, балкып эрүү t 27,83оС, кайноо t 21,15оС, сууда эригичтиги 1,03 %, спиртте жана уксус к-тасында эрийт. НCN катализатор катышуусунда окистендирүүдөн, КCN жана СuSO4 (суудагы эритмелеринин) аракеттенишинен алынат. Оксамиддер, этилендиамид алууда жана металлдар ширетүүдө колдонулат. Уулуулугу НCN караганда бир канчага төмөн. Циамелид, НNCО – циан к-тасынын полимери, сууда эрибеген аморфтуу ак күкүм.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]