Цинкенит

Википедия дан

Цинкенит (немец минералогу К. Цинкендин ысмынан аталган) - минерал, коргошундун сульфоантимонити, Pb9Sb22S42.

Кошундулары: Ag, Cu, Fe, As. Кристаллы жука призма түспөлдүү келип, агрегаты радиалдык-нурдан кийиз сымал, туташ массага биригет. Болоттой боз түстө, металлдай жылтырайт. Тунук эмес. Катуулугу 3-3,5. Тыгыздыгы 5,25-5,35 г/см3. Гидротерм кенташ тарамдарында антимонит, жемсонит, буланжерит, бурнонит ж. б. минералдар чогуу кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4