Цинктештирүү
Цинктештирүү, металлдан жасалган буюмдун, сырткы бетин цинк жана анын куймалары менен каптоо. Ц. темир жана анын куймаларын атм-ралык коррозиядан сактоочу эң кеңири таралган, экономдуу ыкмасы болуп эсептелет. Дүйнөдөгү өндүрүлгөн цинктин 40 % ушул иштерге жумшалат. Маталлды курчап турган айлана – чөйрө-канчалык зыяндуу болсо, цинк менен иштетүү мөөнөтү канчалык узакка созулса, цинкти каптоо калыңдыгы (10-50 км) ошончолук чоң болуу керек. Ц., машиналар, приборлор бөлүктөрүн болот такталар, зымдар, түтүктөр жана башка каптоодо колдонулат Ц. түрдү ыкмалары кездешет. Мисалы, ысык Ц. балкытып эритилген цинкке металлдан жасалган буюмдарды чөгөрүү; электролиттик Ц.; диффузиялык Ц. Цинкти чаңдатып себүү менен каалаган чоңдуктагы буюмду каптаса болот, бирок бул ыкманын кемчилиги цинк өтө көп коромжу болушу жана каптоодогу майда тешикчелердин пайда болушу кирет. Электролиттик Ц., кычкыл жана щелочтуу – циандуу эритмелеринен жүргүзүлөт; атайын кошулган заттар каптоонун жалтырак түсүн пайда кылат. Диффузиялык Ц. буу же газ түрүндөгү фазадан жогорку темп-рада (375-8500С) жүргүзүлөт жана нымдуу атм-рада, бензин, керосин, күкүрттүн буусу болгон жана башка каптоодо колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6