Цинк оксиди

Википедия дан

Цинк оксиди, ZnO – цинк менен кычкылтек бирикмеси. Түссүз, гексагоналдык кристаллдар: а= 3,24, С=195, тыгызд. 5,7 г/см3, пайда болуу жылуулугу DН0298 = 87,87 ккал/моль. Сууда эрибейт. К-таларда жеңил эрип Zn2+ туздарын пайда кылат. Амфотердүү, щелочтор жана аммиакта цинкаттар пайда кылат, мисалы, К2 ZnО2. жаратылышта цинкит (кызыл цинк кени) ZnО минералы түрүндө кездешет (АКШ). /. ж-да ар кандай ыкмалар менен алынат; цинк концетраты жана кокс аралашмасын аба менен 1200оС үйлөткөндө, цинк калыбына келет да, бууланат, ал шахтанын катмарынан өткөндө окистенет. Пайда болгон ZnО чаңын электрофильтр же кездеме фильтри менен тосуп алышат. Дагы башка бир ыкмасы ретортадагы металл түрүндөгү цинкти бууландырып, атайын камерада күйгүзүшөт. Алынган күкүм ак пигмент, косметика, медицина жана резинага толтургуч катарында пайдаланылат. Цинк оксиди уулуу зат. Өндүрүштө цинк 419,5 0С жогору ысытылган чөйрөнүн бардык жеринде кездешет. Өпкөгө аба менен кирген ZnО адамды калчылдатып, башын оорутуп, жүрөгүн айлантып, катуу жөтөлгө дуушар кылат. Абада ZnО нормасынын чеги 0,005 мг/л- ашпоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]