Цинк сульфаты
Цинк сульфаты, ZnSO4 – түссүз, орторомбикалык кристалл: а = 6,731, в = 8,581, с= 4,760, тыгызд. 3,74 г/см3. Пайда болуу жылуулугу, DН0298 =-978,2 кДж/моль. Суудагы эритмеден цинк сульфаты –5,8 0С (криогидраттык чекит, 27,87 % ZnSO4) 38.8оС чейин цинк купоросунун ZnSO4· 7H2O түссүз, ромбикалык кристаллдары туруктуу. 38,8оС 70оС чейин ZnSO4· 6H2O, 70оС жогору ZnSO4·H2O туруктуу. Бул моногидрат 238 0С суусун жоготот. ZnSO4 сууда эригичтиги: 29,4 % (0оС); 36,7% (25оС); 40,9 % (75оС). Ц. с. суудагы эритмеден негиздик сульфат (ZnОН)2SO4 чөкмөгө түшөт. Кургак абанын агымында 600 0С цинк сульфаты ажыроосу башталат. Мында аралык продукт ZnO · ZnSO4 пайда болот. 800-900оС ажыроо тездеп, ZnO жана SO2 бөлүнөт. Өндүрүштө Ц. с. металл түрүндөгү цинкти алуу менен бирге тазартылган нейтралдуу эритмеден буулантып алынат. Ц. с. вискозаны өндүрүүдө, микро жер семирткич катары, металлды алууда флотореагент катары, сөңгөктү чирүүдөн сактоодо, медицинада колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6