Цинк хлориди
Цинк хлориди, ZnCl2 – цинк менен хлор бирикмеси, башка галогенид сыяктуу эле түссүз кристалл зат, сууда жакшы эрийт, гигроскопиялык касиетке ээ. Ц. х. тыгызд. 2,9 г/см3, балкып эрүү t 318 0С, пайда болуу жылуулугу DН0298 = - 415,50 кДж/моль. ZnCl2 суусуз түрдө алуу өтө кыйын, курамында эң жок дегенде 5 % жакын суу жана цинк гидроксо хлориди болот. Ц. х. алуунун бир катар ыкмалары белгилүү. Ал цинк күйгүзгөн концентратын кайнатма туз менен ысытканда бөлүнгөн. Ц.х. цинк оксидин же металл түрүндөгү цинкти туз к-тасында эритип, анан бууландыруудан алууга болот. ZnCl2 практикалык мааниси чоң. Ал жыгачтар сөңгөктөрүн чиритпөөгө, металлды каңдоодо, химиялык синтезде суусуздандыргыч зат катары колдонулат. Цинк-аммоний хлориди ZnCl2 · NH4 Cl – ак кристалл зат, тыгызд. 1,85 г/см3, сууда жакшы эрийт. Каңдоодо жана ширетүүдө флюс ролун аткарат жана гальваностегияда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6