Мазмунга өтүү

Цирконий карбиди

Википедия — ачык энциклопедия

Цирконий карбиди, ZrС – цирконий менен көмүртек бирикмеси, балкып эрүү температурасы жогору болот. Цирконий карбиди металл оксиди менен көмүртек аракетенишүү реакциясынан 2000 0С алынат. ZrC боз түрдөгү металлдык жалтырактыкка ээ болгон кубдук торчолуу кристаллдар: а = 4,694, тыгызд. 6,7 г/см3, балкып эрүү t 3887 + 125оС, кайноо t 5100оС, пайда болуу жылуулугу DН0298 = - 184,34 кДж/моль. Электр тогун абдан жакшы өткөрөт (металлдык өткөргүч). Цирконий карбиди өтө туруктуу, суу менен аракеттенишпейт; плавик к-тасында, падыша арагында, ысык конц. күкүрт жана азот к-тасында эрийт. Абада 700оС ысытканда ZrО пайда кылуу менен күйөт. Цирконий карбиди керамика курамына кирет, металлды жогорку температурага чыдамдуу кылып каптоодо, жылмалоочу материалдар алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]