Цирконий (IV) оксиди
Цирконий (IV) оксиди, ZrО2, ак түстүү, бир нече кристаллдык модификацияны пайда кылган цирконий эң туруктуу оксиди. Цирконий бирикмелерин (оксалат, нитрат ж.б) 500оС жогору ысытканда алынат. Туруктуу моноклиндик модификациясы жаратылыштагы минералы бадалеит, кристаллдары параметрлери: а = 5,174, в = 5,266, b = 80,8о, тыгызд. 5,68 г/см3. 1050оС жогору тетрогоналдык, ал эми 1900оС жогору кубдук модификациясы туруктуу. Балкып эрүү t 29000С, кайноо t 4300оС, пайда болуу жылуулугу DН0298 = - 1093,07 кДж/моль. ZrО2 сууда, орг. эриткичтерде эрибейт; плавик к-тасында, конц. Н2SO4 эрийт. Реакцияга жөндөмдүүлүгү модификация температурасы жогорулаган сайын көбөйөт. Кальций ZrО металлга чейин калыбына келтирет. ZrО2 I, II, III группа металлдары оксиддери менен ысытканда цирконаттар (кристаллдык заттар) пайда болот: метацирконат Ме2ZrО3 жана полицирконаттар Ме2ZчnО2n+1 (n = 2,3,8) Ме – щелочтуу металл. Щелочтуу жер металлдары жана коргошун метацирконат МеZrО3, полицирконаттар МеZr3О, Ме2ZrО4. булардын балкып эрүү темп-ралары 2600-2700оС. Ц. о. жана анын минералдары (баделеит, циркон) жылмалоочу материал, керамикалык изолятор, температурага туруктуу материалдар алууга, цирконий өндүрүүдө колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6