Цицерондун трактаттары

Википедия дан

Цицерондун оратордук искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антикалык доордун кѳрүнүктүү классиги оратордук искусствонун кызылтилдүүсү жана теоретиги байыркы римдик оратор жана саясат тануучу Марк Туллий Цицерон болгон. Ал б.з.ч 106-43-жылдары жашаган. Римге жакын, Лирис суусунун боюнда, байыркы Италия шаарынын Арпина аттуу кичинекей шаарчасында малчынын үй-бүлѳсүндѳ туулган. Ошол жерден эле Цицерон баштапкы билимин алып, балачагында эле грек тилин ѳздѳштүрүп, эркин сүйлѳй алган.

Анын оратордук чеберчилик жѳнүндѳ үч трактатты римдик кѳрүнүктүү оратордун жеке практикалык тажрыйбасын жана антикалык риториканын бай тажрыйбасын кѳрсѳтѳт. Бул трактаттар – “Оратор жѳнүндѳ”, “Брут, же белгилуу ораторлор жѳнүндѳ”, “Оратор” – бүткүл европа маданиятына таасирин тийгизген антикалык гуманизмдин, антикалык сѳз чеберчилик теориясынын калтырган эстелиги, мурасы.

Андап- билүү теориясында Цицерон скептицизмге кѳбүрѳѳк кайрылат жана реальдуулук менен реальдуу эместин ортосундагы айырмачылыкты айырмалаган критерий жок деп эсептейт. Ал жогорку жыргалчылык менен жакшылыктар жѳнүндѳ суроолорду бакыттын жалгыз гана булагы катары карап, мыктылыкка умтулганга аракет жасайт. Бул умтуулуга тѳрт жакшылыкты: акылдуулук, эрктуулук, умеренность, адилеттуулукту дал келтирет. Цицерондун бул философиялык ой-толгоолору анын оратордук чеберчилигинин негизги кѳз караштары менен бирдей болгон.

Эми Цицерондун оратордук искусствого болгон кѳз карашы кандай болгон? Цицерондун кызылтилдүүлүк теориясы азианизм менен классикалык аттицизмдин ортосундагы орточо абалды ээлейт. “Оратор жѳнүндѳ ” деген трактатында ал эркин философиялык диолог түрүндѳ чечүүгѳ аракет жасаган. Бул ага материалды кѳйгѳй катары баяндоого мүмкүндүк берип, дискуссия катары, бирге жана каршы болгондорду таразалап жазганга жардам берет. Цицерондун айтуусу боюнча кызылтилдүүлүк башка бардык илимдер жана искусстволор арасында эӊ аз ѳкүлдүлѳккѳ ээ болот. Бул дагы жѳнүнѳн эле эмес. Анын оюу боюнча, чыныгы жакшы ораторлор аз, анткени кызылтилдүүлүк – сезилгендей оӊой эмес, олуттуу, оор иш. Кызылтилдүүлүк кѳртѳгѳн билимден жана талантардан жаралат.« Чыдыгында, бул жерде ѳзүндүн бардык түркүн түрдүү ойлоруӊду сѳзсүз үйрѳнүү керек, ансыз сѳздѳрүӊдүн ыраттуулугу жок, күлкүнүштү; сүйлѳѳнүн ѳзүнѳ кѳркѳмдүк берүү керек, жалгыз эле сѳз тандоо эмес, сѳздѳрдүн орун алышы, жаратылыштын жалгыз гана адам баласына берген жан дүйдѳсүнүн кыймыл-аракети; ийне-жибине чейин изилдѳѳ керек, анткени кызылтилдүүлүк ѳнѳрүнүн бүтүн күчтүүлүгү, анын угучууларынын жан дүйнѳсүн ойготууда же болбосо эс алдырууда кѳрсѳтүлүшү керек. Мунун баарына юмор менен акылмандуулук, билим, эркин адамга татыктуу шамдагайлык менен кыскалык, чагылышуусунда сыяктуудай эле кайра жооп кайтарууда чеберчилик менен кѳркѳмдѳнүү ичине алган тарбиялуулукту кошуу керек. Андан сырткары, ѳзүӊдүн бүткүл байыртадан келген тарыхыӊды андан мисал алүү үчүнбилүү керек; анан да мыйзам жана жарандык укуктар менен таанышууну колдон чыгарбоо керек. Үндүн түрдүүлүгүн, тыбыштарды, жүздүн айтымдарын,( за выражением лица) жесттерди жана кыймыл-аракеттерди кароонуу аткаруучулуктун ѳзү талап кылаарын мага айтып кетүүнүн кажети барбы?..Ааягында мен айта кетчү нерсе бардык акыл-эстин казынасы – эс тутум жѳнүндѳ? Ѳзүн ѳзү айтып тургандай эле, табылган жана ойлонулган ойлорубуз менен сѳздѳрүбүз ага сактоо үчүн берилбесе анда оратордун касиеттери кандай гана жогорку деӊгээлде болбосун жѳн эле текке кетет»- деп жазат ал.

Цицерондун оюу боюнча оратордук чеберчиликтин негизин барынан мурда - предметти тереӊ билүү болуп саналат; эгер кептин маӊызында тереӊ маанини камтыбаса, оратор тарабынан үйрѳнүлгѳн жана таанып билинген сѳз менен баяндоо – бош, мааниси жок сүйлѳшүүлѳр болуп калат. Кызылтилдүүлүк – бул искусство, бирок искусстволордун эӊ татаалы.

Болуп жаткан ѳзүнүн диологунун каармандары, алардын арасында Цицерон авторитет катары ѳзүнүн кѳз карашын таӊуулаган жаш кезиндеги мугалимдери, ошол учурдун кѳрүнүктүү ораторлору Лициний Красе жана Марк Антоний, жана алардын шакирттери Сульпиций менен Котт, алардан кем калышпаган белгилүү инсандар болгон.

Цицерон Платон менен Аристотелди колдогон. Алар кеп ынындыруучу, ал угуучунун ойлору менен сезимдерине жооп берүүчү болуп, оратордун ажырагыс жетишкендиги болуп саналат деп эсептешкен. Бул талкуулоолордо оратордук кептин излдѳѳлѳрүнүн психологиялык багыты жѳнүндѳ айтылат: «Мисалы, кимге белгилүү, оратордун жогорку деӊгээлдеги жетишкендиги, анын элдердин жүрѳгүндѳ ачуулукту же жек кѳрүүнү жандандырып, анан ушул сезимдерден кайра бору оругандыкка же аёо сезимдерге айлантарын? Бирок кызылтилдүүлүк менен мындайга жетишүү үчүн, адам баласынын жаратылышын,адам баласынын жан дүйнѳсүн жана шылтоолорун тереӊ изилдеп билген, анан аны жалындап күйгүзүгѳ жана тынчтандурууга мажбур кыла алган адам гана жасай алат».

Оратор үчүн кандай шарттар маанилүү? Биринчиден, жаратылыш касиеттери, акылдын жана сезимдин жандуулугу, ѳнүгүү жана эске тутуу; экинчиден, оратордук искусствосун окуп үйрѳнүү (теория); үчүнчүдѳн, кѳнүгүү (практика). (Чындыгында, бул белгилѳѳлѳрдѳ жаӊы эч нерсе деле жок, анткени бул жѳнүндѳ Аристотель эле жазган. Бирок, бары бир Цицерон мурунку теорияларды синтездегенге аракет кылып, аларды кайрадан ойлонуп жана ушунун үстүнѳн жаӊы, бардыгын жалпылаган оратордук искусствосунун теориясын жасайт.

Цицерон «Оратор жѳнүндѳ» чыгармасынын биринчи бѳлүмүндѳ, оратор-саясат тануучу, ошол мезгилде бир эле убакта филосов, тарыхчы, жана укукту да билген билимдүү оратордун идеалын жасоого аракет жасайт. Ал учурда философия, тарых жана укук жалпы билим берүү предметтери болгон. «Эгер, кеп чындыгында эӊ жакшы нерсе жѳнүндѳ болуп жатса, анда таймашуунун мѳѳрѳйү билимдүү жана кызылтилдүү адамга таандык болот. Эгер биз аны философ дагы, оратор дагы деп атоого макул болсок, анда тартуушунун да кажети жок болуп калат, анткени, эгерде бул эки түшүнүктү бѳлүп карасак анда философтор ораторлордон ылдый болуп кѳрүнүп калышы мүмкүн, ошондуктан эӊ мыкты оратор философтордун бардык билимине ээ болот, а бардык эле философтор дайыма оратордун кызылтилдүүлүгү менен сүйлѳй алышпайт; абдан аянычтуусу философтор муну колдоно алышпай, эгер мындай болсо, бул алардын билим алуусунун бүтүп калышы дегендей ойлонушат» - деп жазат Цицерон. Билимдүү жана күнүмдүк ой-толгоолордон, кѳпчүлүктѳн жогору кѳтѳрүлѳ билген, ѳзүнүн артынан эрчитүүгѳ жѳндѳмдүү идеалдуу оратордун образыушундан келип чыгат.

Башка трактаттарында дагы Цицерон риториканын башка илимдер менен болгон мамилеси жѳнүндѳгү суроолорду койот, ѳзгѳчѳ орунду философияга берет. Ал качан гана болбосун дайыма башкы оратордук максатынын башка бардык принциптерге баш ийет экендигине келет. Анын риторикалык трактаттарында философияга жана укукка оратордук билим менен тарбиянын бѳлүгү катары маани бергени ачык кѳрүнүп турат. Риторика илим болуп саналабы? – деген бир суроо философтор менен риториктерди ажыратып турган. Философтор риториканы илим эмес деп аныкташкан, риториктер болсо тескерисинче. Болуп жаткан диологдун каарманы компрамисстик чечим сунуш кылууда: риторика чындык илим эмес (риторика не есть истинная, то есть умозрительная наука), бирок ал оратордук системалаштырылган практикалык керектүү тажрыйбасыны ѳзүндѳ алып жүрѳт.

Цицерон белгилеп кеткендей, башка бардык илимдер ар бири ѳз ѳзүнчѳ бѳлүнгѳн, кызылтилдүүлүк болсо мамани-маӊыздуу сүйлѳшүү чеберчилигинин ѳзү (то есть искусство говорить толково), ыраттуу жана кѳркүмдүү, эч кандай аны чектеген белгилүү чѳйрѳнү, чекти ѳзүнѳ камтыбайт. Оратордук искусствону колуна алып, берилген адам, кишилер арасындагы тартышууда эмне кезигүүгѳ мүмкүн болсо бардыгы жѳнүндѳ чечкиндүү айта билиши керек, антпесе оратор деген наамга татыктуу эмес.

Грецияда кабыл алынган салттар боюнча, Цицерон кептин үч түрүн белгилейт: форумдарда чыгуу, жарандык иштерде жана соттук тескөөлөрдөсотто чыгуу, жана мактоо кеби. Бирок диологдун каарманы Антоний кызылтилдүүлүктүн түрлѳрү боюнча айтып жатып, соттук жана саясий кызылтилдүүлүктү аз практикалык башкача айтканда, аз колдолулган мактоо кызылтилдүүлүгү менен салыштыруу туура эмес экенлигин белгилейт. Кѳрүнүп тургандай кээ бир учурларда Цицерон дискуссиялык суроолорду койот, бирок аларга так жооп бербейт. Бул ойду бир каарман билгизе алат, калгандары анны менен макул боло алышат же болушпайт.

Цицерон боюнча оратордун кабыптанышы мындай жүрѳт: «Эми, колдоо менен жардамга татыктуу касиеттүү адамга тажрыйбабыз үйрѳткѳндү гана беребиз, башкаруусуз эле ѳзүбүз жетишкенге, ал биздин башкаруучулугубуз астында бардыгына жетишсе; анда аны мындан да жакшы үйрѳтүүгѳ биздин шартыбыз жок». Негизгиси - сѳз касиетти, аны дайыма ѳстүрүп-ѳѳрчүтүп туру керек.

Цицерон, биз коргоп жаткандын тууралыгын аныктоодо; алдында чыгып сүйлѳп жаткандарды ѳзүӊѳ тартып, алардын ойлорун иш үчүн керек болгон жакка багыттоодо соттук кептин түзүлүшүн анализдейт.

Ал риторикалык схемага жакшы дал келбеген юмор менен акылмандуулук жѳнүндѳ жазат. Юмордун классификациясы дайыма эле ыраттуу эмес, ал римдин оратордук практикасынын ыкмалары жана Цицерондун практикалык комментарийлери менен окшоштурулат. Ушундай шарттар менен,ал юмор теориясын классикалык риториканын ичине коюугу аракет жасайт, бирок ал ѳзү, юмор – жаратылыш касиетти жана аны үйрѳнүүгѳ болбой тургандыгына ишенет.

Оратордун жоопкерчилиги тѳмѳнкүдѳй шарттардан турат: эмне айтуу керектигин табу; тапкадарын тыкандык менен жайгаштыруу; ага сѳздүк маани берүү; ушунун баары эсиӊде экенин баса белгилеп; айтуу. Кѳргѳнүбүздѳй, Цицерон мурдатан коюлган схемаларды карманат. Канон боюнча беш бѳлүккѳ бѳлүнгѳн риторикалык процесси бегилейт, башкача айтканда, «ойдон айтылып жаткан коомдук сѳзгѳ чейинки» жолду. Андан сырткары, оратордун тапшырмасына угучууларды ѳзүнѳ тартуу; иштин маӊызын баяндоо;тартышуу суроосун коюу; ѳзүӊдүн шартыӊды кошуу; каршыӊдагынын оюн жокко чыгаруу; аягында ѳзүӊдүн шартыӊа кѳркѳмдүк кошуу менен аяккы жолу теӊтайлашыӊдын шартын тѳмѳндѳтүү.

Итонация искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Цицерондун оюу боюнча, оратор үчүн эӊ маанилүү – бул ой менен кептин айтуулуусунун сѳз менен баяндоо. Кепке болгон эӊ биринчи талап – тилдин тазалыгы жана тунуктугу (ойдун баяндалышы). Тазалык жана тунуктук үйрѳнүүдѳн келип чыгат жана кѳрүнүктүү ораторлор жана акындардын окуусу менен ѳѳрчүп, ѳнүгѳт. Кептин тазалыгы үчүн сѳздѳрдү кынтыксыз тандоо, морфологиялык формаларды туура колдоонуу керек. Кептин тунуктугу туура нормативдик сүйлѳѳлѳргѳ кѳз каранды: ораторго кептин органдары, дем алуу жана ѳзүнүн сѳзүнүн тыбыштары менен туура башкара билүүсү керек. «Жаман, качан тыбыштар аябай басым жасалып айтылса; жаман, качан аны керексиз этият алмаштырса; дагы жаман, качан сѳздѳр акырын, ѳлүп бараткан тон менен айтылса; жаман, качан аларды энтигип айтса /…/, бир жагынан, баары андан качууга аракет кылган кээ бир жетишпестиктер да ѳкүм сүрѳт, мисалга алсак, ичке үн, назик же музыкалдуу эмес, уккулуктуу эмес же үнү жок. Башка жагынан, кээ бирлери атайын билип туруп үйрѳнүшкѳн дагы бир жетишпестик бар: кээ бирлерге олдоксон эркектик сүйлѳѳ жагат, балким аларга бул илгеркинин бир элесин бергендей сезилет. Тилдин тазалык түшүнүгүнѳ кептин нормативдүүлүгү кирчү (“ Мунун үчүн таза латын тилинде сүйлѳѳ керектиги ачык кѳрүнүп турат…”»), башкача айтканда нормативдик сүйлѳѳ менен нормативдүү морфологиялык формалар жана конструкциялар. Бирок аздык кылат. Цицерон белгилегендей «Латын тилинде туура сүйлѳйт экен деп эч ким эч качан оратор менен сыймыктанган эмес да. Эгер ал тилди билбесе, аны жѳн гана оратор болгондугу үчүн эмес, адам катары да санабай күлүшѳт» - дейт.

Андан ары Цицерон оратордун кебинине сунуш кылынган талаптарын кошот, эгерде анын кеби аларды канааттандырса, анда ал идеалдуу оратордукка жакындап келе жатат - деп ойлоп, аудиторияга болуп жаткан керектүү багыттагы: «Ким менен сыймыктанышат? Кимди адамдар арасындагы кудай деп санашат? Кимди, ким түз, шарттуу, кѳркѳмдүү сѳздѳр, кѳркѳмдүү образдар менен жаркыраган, жада калса прозанын ѳзүн, ырдык ыргагын кошкон – бир сѳз менен, сулуу сүйлѳгѳндү. Кимде ким кепти, предметтердин жана каармандардын маанилүүгү кандай талап кылсаошондай колдоно алса, ошол мактоого татыктуу,анткени предмет менен орундуу жана туура ылайык келет деп атоого болот».

Кеп – адам баласынын жан дүйнѳсүнүн күзгүзү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кызылтилдүүлүк жана адеп-ахлак жѳнүндѳ Цицерондун философиялык ой-толгоолору кызыктуу: « Чыныгы оратор адамдын жашоосунда эмне кезиксе, ошонун барын жасап кѳрүп, изилдеп, угуп, окуп, талкуулап, түшүнүшү керек, анткени анда оратор жаралып жатат, жана ал ага матеирал болуп кызмат кылат. Же кызылтилдүүлүк адамдын адеп-ахлактык күчүнүн эӊ жогорку касиеттеринин бири; бары бир баардык адеп-ахлактык касиеттеринин күчтѳрү бир түрдүү жана бирдей баалуулукта, бирок кээ бир түрлѳрү андан сулуулугу жана жаркырагандыгы менен ашып кетишет. Кызылтилдүүлүк да ушундай: предметтин билимине таянып алып, ал биздин акыл менен эркибизди ушунчалык күч менен баяндайт деги, анын жиберген басымы, угуучуларды каалаган жакка багыттай алат. Бирок бул күч канчалык маанилүү болгон сайын, ошончолук жоопкерчиликтүү, биз аны чынчылдык жана бийик акылмадуулук менен бириктиришибиз керек; эгер биз бул кадыр-барктары алынып салынган элдерге баяндоо каражаттарынын кѳптүгүн берсек, анда аларды оратор кылбай, а келесоолордун колуна курал карматып коймокпуз». Бул жерде Цицерон балким, биринчи жолу ушундай кенендикте ортордун образы жѳнүндѳ сууроо коюп жатат. Сѳз, кызылтилдүүлүк чеберчилиги сүйлѳп жаткандын жекелик сапаттары менен байланыштуу, алар аркылуу акыл баяндалат, оратордун эрудициясы, анын билими, тажрыйбасы, анан дагы эрки, угуучуларга кеп аркылуу аракет кылынат. Кызылтилдүүлүк – бул адамдын адеп-ахлактык күчүнүн эӊ жогорку касиетти. Айтылгандай Цицерондун оюу боюнча, канчалык адам адептүү болсо, ошончолук кызылтилдүүрѳк болот. Бул учурда кызылтилдүүлүк – оратор элдер үчүн колдонгон жакшылык болуп эсептелинет. Оратордук кептин күчү, Цицерондун оюу боюнча, бийик акылмандуулук жана чынчылдык менен сѳзсүз биригиши керек. Ушундай гана учурда кеп элдерге канаттандыруу алып келет. Эгерде сѳздүн күчү менен чынчыл эмес адамдар колдононушса, анда келесоолордун колуна күчтүү курал туш келип, жамандыкка багытталышы мүмкүн. Сѳзгѳ бакыбаттуулук жана тозок сыяктуу мамиле кылган философиялык жалгашуу, чынчыл жана чынчыл эмес адамдардын курал катары Цицерондун теориялык изденүүлѳрүнѳ риторикалык искусствонун гуманитардык багыты жагынан кароого мүмкүндүк берет, анын жогорку милдети катары, жалпы гуманитардык идеаларды басып кѳрсѳтүүгѳ болгон. Кокусунан эле Цицерон сѳздүн күчүн акылмандуулук менен байланыштырбайт, бул илимди ойлонот жана айтат, бул сѳздүн күчүн бекеринен байыркы адамдар акылмандуулук деп аташпаганын баса белгилейт. «Илгери илим кѳрүнүп тургандай, укук ишин дагы, кызылтилдүүлүктү дагы бирдей үйрѳткѳн; мугалимдер ѳзгѳчѳ эмес, баягы эле устаттар адамдарга кантип жашаш керектигин, кантип сүйлѳш керектигин үйрѳтүшкѳн» - дейт.

Цицерон кѳп жолу кѳрсѳткѳндѳй, кеп кѳбүрѳѳк ѳзүнѳ тартып тургандай болушу керек, угуучуга канчалык кѳп таасир калтыруу жана кѳп сандагы мисалдарды келтирүү керек, же мисалдар ушунчалык чоӊ жана маанилүү материал блушу керек.

Философ кептин кѳркѳмдүгү жѳнүндѳ кенен айтат, кептин кѳркѳмдүгү барынан биринчи анын кандайдыр бир жалпы жаӊылыгынан жана татымынан турат: анын назиктиги, анын билимдүүлүгү, анын жакшылыгы, анын мыктылыгы, анын сезимталдыгы же жалындуулугу, эгер керек болсо – мунун баары ѳзүнчѳ бѳлүктѳргѳ эмес, анын бардык бүтүндүүлүгүнѳ тиешелүү. А сѳздѳр менен ойлордун түстүүлүгү кепти күчѳтүүчү сыяктуу болгондуктан, анын үстүнѳ бирдей тегиздикте орун албашы керек. Ал кандайдыр бир жарашыктуу кийимде зер буюмдар жана кооздуктар орун алган сыяктуу эле ѳз ордун туура алышы керек. Жалпы кептин тонун угуучулардын кѳӊүлүн буруп, аны бийигирээк даражада кармап туруу үчүн арналганды чечиш керек.

Цицерон – оратордук кептин жансыз жана ыраатсыз болгондугуна каршы, - ал динамикалуу, жана кѳркѳмдүү, жана жагымдуу кеп үчүн, бирок анын жагымдуулугу катал болушу керек.

Ал жѳнѳкѳй сѳздѳрдү, тандалып алынгандардын ичинен кѳбүнчѳ кодонулган, жана буга карабастан чече турган үндүн таасири керектигин (эскирген жана жатталган сѳздѳрдѳн качуу керек, уккулуктуу жана кѳркѳмдүү жаркыраган сѳздѳрдү кодонуш керек), аз кодонулган жана жаӊы чыккан сѳздѳрдү басып кѳрсѳтүп, дагы ѳтмѳ маанидеги сѳздѳрдү кодонот.

Автор «Оратор жѳнүндѳ» трактаттында кээ бир ѳзүнүн кесиптештеринин теоретикалык изилдѳѳлѳрүнѳн жана практикалык мектеп китептеринен, грек жана римдин оратордук салтарынан жана эӊ мыкты оратордук искусствосунун үлгүлѳрүнѳн ѳзүнүн практикалык тажрыйбасына негиз салган. Цицеронду бул трактатында кѳбүрѳѳк токтолуп айткан ѳзүнүн риторикалык теориясынын негиздѳѳчүсү катары санасак болот.

Цицерондун трактаттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Брут» жана «Оратор» деген б.э.ч.46-жылы жазылган трактаттары, ал Брутка, ѳзүнүн кѳш карашын коргоп жатып антикалык агымдын жаӊы ѳкүлчүлүгү катары маани берет. Бул дил баяндарынын максаты - «Оратор жѳнүндѳ» диологунда жолдорун белгилеп кеткендей, ошол оратордук идеалдын мыктылыгын жана мыйзамдуулугун негиздѳѳ. Ал бул багытта тарыхтык кѳз караш менен («Брут»), жана теоретикалык кѳз караш менен («Оратор») негиз салат. «Брут, же белгилүү ораторлор жѳнүндѳ» диологунда Цицерон, ар биринин кыскача мүнѳздѳмѳсү менен хронологиялык ырааттуулукта - эки жүздѳн кѳбүрѳѳк – бардык белгилүү ораторлорду санап чыгат. Цицерон үчүн римдик кызылтилдүүлүк – улуттук сыймыктарынын предмети, анан ал анын биринчи тарыхчысы болгондугу үчүн бактылуу. Бул эмгек – критикалык жана полемикалык, ѳзүнүн максаттарында оратордун мүнѳздѳмѳсүнү эле эмес, мурунку трактаттарда айтылып кеткен, негизиндеги, идеаларды коргоо жана ѳркүндѳтүү ээ болот.

Ѳзүнүн кызылтилдүүлүк тарыхында ал, тарыхый прогресстин ойлонулуп коюлган жана кызылтилдүүлүктүн жокчулуктан мыктылыкка уламдан-улам жогорулап чыгуусун сүрѳттѳйт. Цицерон үчүн кызылтилдүүлүк – мурункудай эле, ѳзүнүн максаты эмес, саясий иш-чара формасы гана жана кызылтилдүүлүктүн тагдыры мамлекеттин тагдыры менен ажырагыс байланышта болот. Цицерондун оюу боюнча, римдиккызылтилдүүлүктүн ѳнүгүшү барынан мурда ички кѳйгѳйлѳр, тереӊдикке жана кенендикке үйрѳтүлгѳн грек маданияты менен рим маданиятынын ѳнүгүшүаркылуу аныкталат. Мисалга алсак, римдик жана гректик ораторлорунун кептеринин критикалык ажыратылышын дагы бир жолу «Оратор жѳнүндѳ» трактаттатында айткан идеаларында баса белгилеп кѳрсѳтѳт.

«Оратор» - Цицерондун риторикалык трилогиясынын бүтүрүүчү чыгармасы. Башында ал эӊ мыкты оратордун образын сүрѳттѳйт, бирок тѳмѳндѳгүдѳй шылтоо кылат: «Оратордун эӊ мыкты образын түзүп жатып, мен аны ушунчалык кылып сүрѳттѳйм да, балким андай эч ким эч качан болгон да эмес».

  • Бул трактатта Цицерон бардыгынан кѳп сѳздүү баяндоо жана ритм жѳнүндѳ сүйлѳйт, анын аттицистерге аныктоого болгон умтуулусу -, анткени так ушул суроо боюнча тартыш жүргѳн – ѳзүнүн тууралыгын айныктаган: ал ѳзүнүн укугу үчүн турууга умтулган. Цицерон аргумент катары эллнистикалык окуунунун кызылтилдүүлүгүнүн үч стилижѳнүндѳ: жогорку, ортоӊку жана жѳнѳкѳй деп келтирген. Жѳнѳкѳй стиль ынандыруу үчүн, ортоӊку – кѳрк кошууга, жогорку – тынчсыздандырып угуучуну кызыктыруу үчүн.

Цицерон –улуу оратор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Цицерон кептин кѳркѳмдүгүн анын жаӊылыгында, татымында, назиктигинде, окуусунда, жакшылыгында, мыктылыгында, жалындуулугунда кѳрѳт, жана «сѳздѳрдүн жана ойдун ѳӊү» кепке « ажыратуу менен» дайындалышы керек. Ачык түстѳр менен ашыкча түс берилген сѳздүү жогорулатуу, кеп, угуучуларга узун ырахат алып келбейт, аларды тажатат, кыжырын келтирет. Ушундай кѳз караштар менен Цицеронду аттицистерге же азианларга кошууга мүмкүн болбогон. Ал ѳзүнүн жеке стилин ойлоп тапты жана «кызылтилдүүлүктүн түстѳрүн» эстүү колдонууну талап кылган. Ал оратордук искусствонун маӊызына тереӊ кирген, ѳзүнүн бай тажрыйбасынын негизине таянып оратордук теориясын жараткандыгын кѳрсѳттү. Эӊ мыкты теоретик, Цицерон кызылтилдүүлүктүн практиктеринин жана теоретиктердин оратордук искусствого болгон кѳз карашын жалпылады жана критикалык түрдѳ жаӊыдан ойлоп чыкты, тыкандык жолу менен анализделген ар кандай кѳз караштарды түзүп, ѳзүнүн ториясын жаратты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Н.Н.Кохтев «Основы ораторской речи», Московский университет, 1992.
  • 2. Н.Н.Кохтев «Риторика», Московский университет, 1990.