Цыбин Владимир Дмитриевич
Көрүнүш
Цыбин Владимир Дмитриевич (11. 3. 1932, азыркы Чүй обл., Кемин району, Боролдой айылы - 25. 7. 2001, Москва) - орус совет акыны, жазуучу, сынчы, котормочу, РСФСР Жазуучулар союзунун (1965), СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү (1981).
1958-ж. A. М. Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Чыгармалары 1952-жылдан жарыялана баштаган. Ц. - «Бал шарабы» (1960), «Ата-энем талаа» (1959), «Ау» (1967), «Этиш» (1970), «Жеркепелер» (1971), «Тынчалбаган жүрөк» (1976) ж. б. поэтикалык жыйнактардын; «Тамчылар» (1971), «Сезим коңгуроосу» (1985), «Убакыт» (1988) ж. б. прозалык чыгармалардын автору. Гёте, Рильке, Рудакилерди, ошондой эле кыргыз акыидарывын (Ж. Бөкөнбаев, Т. Кожомбердиев, Ж. Мамытов, Р. Рыскулов ж. б.) чыгармаларын орус тилине которгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4