Чыраш

Википедия дан
ЧЫРАШ‎»‎ барагынан багытталды)
Eremurus himalaicus.

Чыраш, кулунчак (лат. Eremurus) — лилия гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк. Көп жылдык чөп, тамыр-сабагы жоон, пияз түп сымал. Туп жалбырагы үч кырдуу тасмадай. Гүлү узун, гүл сабынын чокусунан орун алып, төмөндөн жогору карай гүлдөйт. Мөмөсү — тоголок кутуча. Азия жана Түштүк Чыгыш Европада 50; СССРде 30 түрү Орто Азия, Кавказ жана Крымда кездешет. Кыргызстанда 13 түрү (түркстан Чыраш, тянь-шань Чыраш, сары Чыраш жана башка) өрөөндөрдө өсөт. Кээ биринин тамырынан желим зат алынат. Балдуу жана кооз өсүмдүк. Жалбырагында С витамини бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]