Чаатас

Википедия дан

Чаатас (хакас – жоо таш, же «таш согушу» дегенди түшүндүрөт) – 6–9-кылымдагы Енисей кыргыздарынан калган таш дөбөлүү көрүстөндөр. Алар Түштүк Сибирде, Хакасияда, Минуса өрөөнүндө, Абакан жана Чулум дарыяларынын өзөндөрүндө жайгашкан. Бул эстеликтер 18-кылымдан илимде белгилүү болуп, ал эми 1863-жылы В. В. Радлов тарабынан алгачкы изилдөө иштери жүргүзүлгөн. 1880-жылы окумуштуу В. Д. Клеменц жана Н. Адрианов тарабынан эстеликтерди айырмалаш үчүн «жоо таш», «таш согушу» терминин киргизишкен. Көрүстөндөр күмбөз сымал тургузулган. Алар төрт, тегерек жана алты бурчтуу формада келип, айланасы жалпак таш такталар менен коргондолгон. Үстүлөрүнө иретсиз көп сандаган таштар үйүлгөн. Айрым көрүстөндөрдүн бурчтарына жана каптал жактарына тигинен таш мамылар орнотулган. Кээ бирлеринин капталдарында босого сымал кош таш мамылар орнотулуп, көрүстөндүн борборуна карата багытталгандай. Таш мамыларда уруулук эн тамгалары чегилген сүрөт жана руна сымал жазуулар кездешет. Көрүстөндүн ортосунда анча чоң эмес чуңкур казылып, ага териден, кайыңдан жасалган кутучаларга же карапа идишке маркумдун өрттөлгөн сөөгүнүн күлү салынып көмүлгөндүгү аныкталган. Ошондой эле көрүстөндөрдө маркумга багышталган кооздук буюмдары, согуш куралдары жана ырым-жырым тамак-аштары коштолуп көмүлгөн. Бул доордо жаш балдардын сөөгүн өрттөбөй көмүү салты тараган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.