Чабарман баракчасы
Көрүнүш
Чабарман баракчасы – дипломатиялык почтаны ташууга укук бере турган ырасмий документ. Анда дипломатиялык чабармандын укугу, дипломатиялык почта жеткирилүүчү жерлердин саны көрсөтүлөт. Ч. б. дипломатиялык почтаны жеткирүү ишеними тапшырылган жарандык учактын командирине да берилиши мүмкүн. Мындай учурда Ч. б-нда почта жеткирилүүчү жерлердин саны гана көрсөтүлөт, анткени жарандык учактын командиринин өзү дипломатиялык чабарман болуп эсептелбейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7