Чаканташ мөңгүлөрү

Википедия дан

Чаканташ мөңгүлөрү - Какшаал кырка тоосунун түн. капталында, Чоң Үзөңгү-Кууш суусунун алабында жайгашкан «түркстан тибиндеги» өрөөн мөңгүлөрү.

Чыгыш Чакан таш мөңгүсүнүн уз. 4,8 км, аянты 4,5 км2. Абляция облусунун аянты 2,1 км2. Башы деңиз деңг. 4740 м, этеги 4360 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4550 м. Батыш Чакан таш мөңгүсүнүн уз. 5,7 км, аянты 4,6 км2. Абляция облусунун аянты 0,5 км2. Башы деңиз деңг. 5470 м, этеги 4670 м бийиктикте жатат. Бул мөңгүлөр төрлөрдүн таманында сүйрү формада узата созулуп жатат. Цирктердин капталдары өтө тик болгондуктан, кар түз эле мөңгүнүн үстүндө топтолуп, фирндеги эриген суу бүт мөңгүдө тоңот. Кар чеги өтө бийик көтөрүлөт. Мөңгүнүн «тилдери» узун шынаа формасында жука муз катмар м-н аяктайт. Андан аты окшош суу башталып, Чоң Үзөңгүкуушка оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2