Чакан топтор

Википедия дан

Чакан топтортарыхый жактан аныкталган коомдун алкагында топтолуучу жалпы таламдары (кызыкчылыктары), дөөлөттөрү жана жүрүм-турум нормалары бар адамдардын салыштырма туруктуу жыйындысы. Чакан топтор үй-бүлө, алгачкы өндүрүштүк ячейкалар, кошуналык жамааттар, жолдоштук компаниялар, мектеп классы ж. б. Чакан топтордун өз алдынча белгилери болуп анын мүчөлөрүнүн бири-бири менен түздөн түз байланышы эсептелет. Ар бир Чакан топтор тышкы чөйрөнүн, ошондой эле топ ичиндеги жекече мамилелердин таасири астында топтолуучу белгилүү структурага ээ болот. Формалдуу алдын ала белгиленген максаттарга, жоболорго ылайык түзүлөт. Формалдуу эмес Чакан топтор жеке симпатиялардын жана антипатиялардын таасири менен топтолот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9