Чакыр-Корум

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Чакыр-Корум

Чакыр-Корумсуу.

Чоң Нарын д-нын сол куймасы. Борколдой кырка тоосунун түндүк капталында. Уз. 33 км, алабынын аянты 315 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3800 м. Куралуу облусуна кирет. Борколдой кырка тоосунун мөңгүлөрүнөн агып түшкөн бир топ майда суулар кошулуп, Какты-Сайдан түндүктү көздөй бурулат да, Кум-Талаага өтүп, Чоң Нарынга куят. Негизинен кар, мөңгү сууларынан куралат.

Ири куймалары: Чоң Кара-Суу, Чоң Төр, Туура-Төр (оң). Жылдык орточо чыгымы 4 м3/сек, эң көбү июнь - июлда, эң азы январь - февралда байкалат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4